T2
Talantaaly Bakchiev, 'Birth of Manas', recorded 12 December 2017
Audiovisual recording by Kamila Baimuratova [available]
Transcription below by Alymkan Jeenbekova
Ээ төрө Манас көк жалдын, | ||
Төрөлгөнүн айтайын, | ||
Көзөл энең Чыйырды, | ||
Көз жарганын айтайын, | ||
5 | Айтпай кантип турайын, | |
Жараткан билет ким билет, | ||
Жанынан келген бир жан жок, | ||
Жаза тайып албасам, | ||
Жаңылып айтып салбасам, | ||
10 | Жараткандын бергенин, | |
Жаңылбай айтып берейин. | ||
Кудай билет ким билет, | ||
Куруң айтып койбосом, | ||
Көк жал Манас баатырдын, | ||
15 | Бу дүйнөгө келгенин, | |
Эмиң айтып кетейин. | ||
Мына ошондо жарыктык, | ||
Миң күндөрдүн бири экен, | ||
Бейшембинин түнү экен. | ||
20 | Жуманын кадыр күнү экен, | |
Мына ошондо Чыйырды, | ||
Чымындай жаны чыркырап, | ||
Ыйлап турду буркурап, | ||
Обун таппай уйкунун, | ||
25 | Оң жагына обдулуп, | |
Сообун таппай уйкунун, | ||
Сол жагына толгонуп, | ||
Кайран энең Чыйырды, | ||
Мына ошондо жарыктык, | ||
30 | Оң жагында бай Жакып, | |
Бай Жакыпты ойготуп, | ||
Ообун таппай жарыктык, | ||
Ошондо оң колунан тарткан,— дейт, | ||
Ойгонбой койду бай Жакып. | ||
35 | Сол колунан тарткан,— дейт, | |
Турбай койду бай Жакып. | ||
Айласы кетип түгөнгүр, | ||
Олдо-бүлдө, дүнүйө ай. | ||
Оргуштаган жалган ай, | ||
40 | Айланайын байым,— деп, | |
Мына ошондо энекең, | ||
Айтып турду Жакыпка, | ||
Укчуң айткан сөзүмдү, | ||
Жана байкаң өзүмдү, | ||
45 | Азыр жатып түш көрдүм, | |
Адам көргүс иш көрдүм, | ||
Түндө жатып түш көрдүм, | ||
Түйшүккө салаар иш көрдүм. | ||
Таңга маал түш көрдүм, | ||
50 | Таңгала турган иш көрдүм. | |
Бул эмине болучу? | ||
Бул түшүмдү жооруучу, | ||
Айланайын байым,— деп, | ||
Менин атам — Бакберген, | ||
55 | Өзү кудай жолунда, | |
Аса таяк колунда, | ||
Атаганат дүнүйө, | ||
Кашыма келип атакем, | ||
Көз жарып алгын аман,— деп, | ||
60 | Сол колунда алма бар, | |
Мага сунуп турганда, | ||
Эми кокуй кантейин, | ||
Айланайын атакем, | ||
Бу дүйнөдөн өткөнү, | ||
65 | Жети жылдай болду эле, | |
Жети жылдан бер карай, | ||
Атакемдин алдына, | ||
Арбагына багыштап, | ||
Курмандыкка мал чалып, | ||
70 | Дуба кылбай мен акмак, | |
Айланайын байым,— деп, | ||
Мына ошондо Чыйырды, | ||
Бай Жакыпка муну айтса, | ||
Ошо кезде бай Жакып, | ||
75 | Оңдолуп обдулуп, | |
Оң жагына толгонуп, | ||
Атаганат дүнүйө, | ||
Арбыды мээнет күнүгө, | ||
Кандай шумдук болду деп, | ||
80 | Ушу турган катынды, | |
Жин урганда жин урду, | ||
Дин урганда дин урду, | ||
Качан болсоң ушундай, | ||
Кантейин кокуй кантейин? | ||
85 | Деп,— ошентип курган жан, | |
Эптеп тапкан малымдын, | ||
Эсебин эми табабы? | ||
Зордоп тапкан малыма, | ||
Зордук эми салабы? | ||
90 | Деп,— ошентип бай Жакып, | |
Ичинен ойлоп мындай кеп, | ||
Түшүң жакшы иш болсун, | ||
Түш эмес, туш болсун, | ||
Айланайын байбиче! | ||
95 | Деп,— ошентип жарыктык, | |
Ак дамбалчаң дардактап, | ||
Ордунан турду тартактап, | ||
Он эки кабат төшөктөн, | ||
Он эки канат өргөөдөн, | ||
100 | Чыга калып бай Жакып, | |
Мына ошондо жарыктык, | ||
Акбалталап чакырып, | ||
Кокуй, кокуй Акбалта, | ||
Бери кел деп гана бакырып, ооой | ||
105 | Ой Балта, кокуй, Акбалта, | |
Менин катынымды жин урду, | ||
Жин урганда дин урду, | ||
Болду десем болбойт, ээ, | ||
Болбогон кепти козгойт, ээ, | ||
110 | Айланайын Акбалта, | |
Менин катынымды кокуй жин урду, | ||
Карыганда курган жан, | ||
Азыр жатып түш көрдү, | ||
Түшүндө жакшы иш көрдү, | ||
115 | Менин кайнатам эле Бакберген, ооо, | |
Түндө жатып гана ммм эээ байбиче, | ||
Аян берди кантейин, | ||
Аман-эсен көз жар,— деп, | ||
Бышкан алма сунуптур, | ||
120 | Бу жакшылыктын гана кокуй белгиси, | |
Жараткандын пендеси, | ||
Мына ошондо бай Жакып, | ||
Акбалтага муну айтып: | ||
Ошо кездең Акбалта: | ||
125 | «Атаганат дүнүйө, | |
Айланайын байым,— деп, | ||
Кандай айла табам,— деп, | ||
Кокуй байым кантесиң? | ||
Кирип келген жоо барбы? | ||
130 | Каптап келген доо барбы? | |
Айланайын кудурет, | ||
Таң агарып атканда, | ||
Тараза жылдыз батканда, | ||
Эл уйкуда жатканда, | ||
135 | Мени ойготуп чоочутуп, | |
Айланайын кудурет, | ||
Кандай шумдук болду деп, | ||
Угуп турам өзүңдү, | ||
Канаң айтчы сөзүңдү» | ||
140 | Деп,— ошентип Акбалта, | |
Собол салса Жакыпка, | ||
Ошо кезде бай Жакып, | ||
Айтып турду дагы кеп. | ||
Азыр жатып байбичем, | ||
145 | Таңга маал турганда, | |
Айланайын кудурет, | ||
Батасыз Бакберген, | ||
Түшүнө кирип мындай дейт: | ||
«Айланайын кудурет, | ||
150 | Атаганат дүнүйө, | |
Минте берсе байбиче, | ||
Эптеп тапкан малымдын, | ||
Эсебин кокуй табабы? | ||
Түйшүктөп тапкан малымдын, | ||
155 | Түбүнө кокуй жетип алабы? | |
Минте берсе болбойт, ээ, | ||
Менин түбүмө кокуй жетет, ээ» | ||
Деп,— ошентип бай Жакып, | ||
Акбалтага гана муну айтып, | ||
160 | Тетиги Карагырдын ойунда, | |
Кара-Аладан гана канчоо бар, уу, | ||
Сары-Аладан сандан бар, | ||
Көк-Аладан гана көптөн бар, | ||
Сан жылкыдан канча бар? | ||
165 | Айланайын гана Акбалта, | |
Курмандыкка чалууга, | ||
Ылайыктуу гана мал алып кел» | ||
Деп,— ошентип турганда, | ||
Ошо кезде жарыктык, | ||
170 | Өзүң көргөн Акбалта, | |
Ордунан эми тура албай, | ||
Айтканыңдай кылам,— деп, | ||
Кагылайын байым,— деп, | ||
Астындагы минери, | ||
175 | Көк тулпар сындуу ат экен. | |
Аркы-терки камчы уруп, | ||
Үзөнгүнү теминип, | ||
Жөнөп кетти көрдүңбү? | ||
Эми аны коюп туралы, | ||
180 | Үйдө калган Чыйырды, | |
Ошондон кабар алалы. | ||
Өзүң көргөн энекең, | ||
Бакырыгы баш жарып, | ||
Кыйкырыгы таш жарып, | ||
185 | Айланайын балам,— деп, | |
Кайда кетти кызым,— деп, | ||
Карагызды чакырып, | ||
Балакетиң алайын, | ||
Кагылайын каралдым, | ||
190 | Мээнетиңди алайын, | |
Каракыз бери келчи,— деп, | ||
Айта турган кебим бар, | ||
«Тетигинде көрдүңбү? | ||
Жалгыз өскөн чынар бар, | ||
195 | Ал чынардын түбүндө, | |
Жалгыз чыккан булак бар, | ||
Ошол чынарга барып кел, | ||
Кырк чырпыгын кыйып кел, | ||
Айланайын кызым,— деп, | ||
200 | Ал булакка барып кел, | |
Ошо булактын суусун куюп кел, | ||
Айланайын кызым,— деп, | ||
Аманат айттым ушул кеп» | ||
Деп,— ошентип айтканда, | ||
205 | Ошо кезде Каракыз, | |
Эки күндүк жол экен, | ||
Керегеде илинген, | ||
Чоң торпоктун чоң чанач, | ||
Чоң чаначты алды дейт, | ||
210 | Атаганат дүнүйө, | |
Чоң өгүздү минген,— дейт, | ||
Ушуң айткан энеси, | ||
Жалгыз өскөн чынарга, | ||
Ошого жөнөп кетти,— дейт, | ||
215 | Эми аны коюп туралы, | |
Кечээ кеткен Акбалта, | ||
Ошондон кабар алалы. | ||
Өзүң көргөн Акбалта, | ||
Бай Жакыптын буйругу, | ||
220 | Эки кылар ал барбы? | |
Жокерчилик заманда, | ||
Деп,— ошентип Акбалта, | ||
Аркы-терки камчы уруп, | ||
Астындагы көк тулпар, | ||
225 | Желгенине жел жетпей, | |
Жетип чуркап алыптыр. | ||
Басканына бал жетпей, | ||
Башкача арыш алыптыр, | ||
Айланайын кудурет, | ||
230 | Аман койгун жаным,— деп, | |
Жолобосун жоом,— деп, | ||
Мына ошондо Акбалта, | ||
Күнү жүрдү күйүгүп, | ||
Түнү жүрдү түйүлүп, | ||
235 | Таң кашкайып сүрөрдө, | |
Жерге жарык кирерде, | ||
Мына ошондо Акбалта, | ||
Карагырга жеткен,— дейт. | ||
Ал Карагырдын оюнда, | ||
240 | Жайнап жаткан жылкы бар, | |
Жадыбал жеткис жылкы экен, | ||
Жетимиштей жылкычы, | ||
Ал жылкыны кайтарган, | ||
Жакын келип Акбалта, | ||
245 | Бакырыгы баш жарып, | |
Кыйкырыгы таш жарып, | ||
Бери кел деп бастырып, | ||
Эр Ыйманды чакырып, | ||
Айланайын Ыйманым, | ||
250 | Жылкычынын башчысы, | |
«Бери кел»,— деп чакырып, | ||
«Кагылайын Ыйманым, | ||
Курмандыкка чалууга, | ||
Ушул турган жылкынын, | ||
255 | Ичинен бир малды тандап бер», | |
Деп,— ошентип айтканда, | ||
Ал аңгыча болгон жок, | ||
Жылкынын четинен, | ||
Тандап көрдү Акбалта. | ||
260 | Айланайын кудурет, | |
Желени карыш болуптур, | ||
Кула бээни көрүптүр, | ||
«Айланайын Ыйманым, | ||
Тетиги Кула бээни алып кел, | ||
265 | Ай-туякка чалууга, | |
Ылайыктуу мал экен», | ||
Деп,— ошентип айтканда, | ||
Ошо кезде Ыйманың, | ||
Элүүдөн өткөн жашы бар, | ||
270 | Көрбөгөнү көр болгон, | |
Азапты жаман көргөн дейт, | ||
Кезегинде Ыйманың, | ||
Жалынгандан жалбарып, | ||
Ошо кезде жарыктык, | ||
275 | Акбалтага муну айтат: | |
«Айланайын Балтам»,— деп, | ||
«Ушу турган Кула бээ, | ||
Айланайын кудурет, | ||
Тууй турган маалы»,— деп, | ||
280 | Желине карыш болду,— деп, | |
Тууп калса Кула бээ, | ||
Айланайын кудурет, | ||
Чыйырды аман-эсен көз жарса, | ||
Ошогоң тартууга гана берсем деп, ммм | ||
285 | Энчилей гана турган малым,— деп, | |
Көздөп жүргөн жаным,— деп, | ||
Айланайын гана Акбалтаң, ооой! | ||
Жаза гана тайып албасам, | ||
Жаңылып айтып салбасам, | ||
290 | Тетигинде гана көрдүңбү? Уу, | |
Жайнап гана жаткан жылкынын, | ||
Аркы жаккы четинде, | ||
Ошондо Камбар-Ата гана дарыган, | ||
Кайыбынан карылган, | ||
295 | Касиеттүү ганаң, мм ээй, мал ошо, | |
Ай-туякка жарачуу, | ||
Ылайыктуу гана мала ошоң, ууй», | ||
Деп,— ошондо Ыйманың, | ||
Жакын келип бастырып, | ||
300 | Ошо кезде жарыктык, | |
Укурукту бек салып, | ||
Баягы турган Кара-Айгыр, | ||
Кара-Айгырды жетелеп, | ||
Башына нокто салды,— дейт, | ||
305 | Ушу турган Балтага, | |
Жетелеп келип бастырып, | ||
Колуна нокто тапшырып, | ||
Айтып турду Балтага: | ||
«Айланайын Акбалта, | ||
310 | Жаза тайып албасам, | |
Касиеттүү мал ушул, | ||
Курмандыкка чалууга», | ||
Деп,— ошентип айтканда, | ||
Ошо кездең Акбалта, | ||
315 | «Макул, макул, макул,— деп, | |
«Бул айтканың акыл деп, | ||
Айтканыңдай кылайын, | ||
Бай Жакыптын өзүнө, | ||
Буйрук экен айтайын», | ||
320 | Деп,— ошентип турганда, | |
Эми аны коюп туралы, | ||
Айылда калган бай Жакып, | ||
Ошондон кабар алалы. | ||
Ошо кезде бай Жакып, | ||
325 | Өөдө-төмөн көп басып, | |
Кандай шумдук болду деп, | ||
Кеткениң эки күн болду, | ||
Качан келет Балта деп, | ||
Капталымда калмак бар, | ||
330 | Калмактар кармап алдыбы? | |
Кыр жагымда кытай бар, | ||
Кытайга кире качтыбы? | ||
Маңдайымда манжуу бар, | ||
Манжуулар топтошуп, | ||
335 | Байлап алдыбы Балтаны, | |
Кандай шумдук болду,— деп, | ||
Менин башымды азапка салдыбы? | ||
Эми кокуй кантейин? | ||
Кандай айла терейин? | ||
340 | Кайда кеттиң Акбалта? | |
Келе турган маалы деп, | ||
Мына ошентип тургуча, | ||
Ал аңгыча болгон жок, | ||
Ошо кездең Акбалта, | ||
345 | Аркы-терки камчы уруп, | |
Үзөнгүнү теминип, | ||
Кирип келди айылга. | ||
«Айланайын бай Жакып, | ||
Издегениң табылды, | ||
350 | Курмандыкка чалууга, | |
Ушу турган Кара-Айгыр, | ||
Кайыбынан кабылган, | ||
Камбар-Ата даарыган, | ||
Касиеттүү мал экен, | ||
355 | Айтып берди Ыйманым», | |
Деп,— ошентип айткыча, | ||
Ошо кезде бай Жакып, | ||
Атадан калган Актинте, | ||
Актинтени колго алып, | ||
360 | Актинте жайын сураба, | |
Актинтени сурасаң, | ||
Ошо кезде сураба, | ||
Атаңдын көрү дүнүйө, | ||
Өз атасы Орозду, | ||
365 | Бай Жакыптын колуна, | |
Берген экен тапшырып. | ||
Аманатым ушул,— деп, | ||
Айланайын байым,— деп, | ||
Кагылайын Жакып,— деп, | ||
370 | Укчу балам сөзүм,— деп, | |
Ушу турган Актинте, | ||
Абалкы атаң Арыстан, | ||
Арыстандан калган зат, | ||
Деп,— ошентип береги, | ||
375 | Өз атасы Орозду, | |
Жакыпка берген тартууга, | ||
Мына ошондон Актинте, | ||
Ала калып колуна, | ||
Өзүң көргөн бай Жакып, | ||
380 | Ушул турган жылкыны, | |
Ыйык жалдан бек кармап, | ||
Чөгөрүп чөк түшүп, | ||
Айланайын кудурет, | ||
Төрт аягын бек байлап, | ||
385 | Эми курмандыкка чалууга, | |
Камданып калган чагында, | ||
Ошо кезде сураба, | ||
Ошо кезде сурасаң, | ||
Сага жалган, мага чын, | ||
390 | Көрүп келген бир жан жок. | |
Атаганат дүнүйө, | ||
Кудай бетин көргөзбө, | ||
Өзүң көргөн гана бай Жакып, | ||
Актинтени баягы, | ||
395 | Кокого гана бир урса, | |
Кайыбына кабылып, | ||
Кайда экени гана уу көрүнбөй, | ||
Жерге гана тамган каны жок, | ||
Мунун учуп кеткен гана жаны жок, | ||
400 | Кайда экени билинбей, | |
Караса гана көзгө илинбей, ууу | ||
Кайып гана болду кара айгыр, | ||
Атаңдын көрү дүнүйө, | ||
Арбыды мээнет күнүгө. | ||
405 | Айласы гана кетип бай Жакып, | |
Бул эминенин белгиси, | ||
Ооо жараткандын гана, ммм, бергени ой, | ||
Деп,— ошентип турганда, | ||
Ошо кезде жарыктык, | ||
410 | Ал аңгыча болгон жок, | |
Өзүң көргөн энекең, | ||
Ий белим кокуй белим,— деп, | ||
Белимди кокуй жеди,— деп, | ||
Толгоо тартып алган дейт, | ||
415 | Ошо кезде энекең, | |
Каракызды чакырып, | ||
Бай Жакыпка айткың деп, | ||
Атакеңе муну айткың, | ||
Айланайын байым,— деп, | ||
420 | Атаңдын көрү дүнүйө, | |
Көз жарып калсам кокустан, | ||
Ушу турган бай Жакып, | ||
Жанында турса кандай деп, | ||
Кыргызда мындай салты жок, | ||
425 | Айланайын кудурет, | |
Элге кеп болуп, | ||
Уят болсок кандай деп, | ||
Мына ошентип турганда, | ||
Айтып оозун жыйганда, | ||
430 | Ошо кезде Каракыз: | |
“Энемдин айткан сөзү” - деп, | ||
Бай Жакыпка муну айтса: | ||
“Зайыбым толгоо тартып калыптыр, | ||
Көз жара турган күнү окшойт. | ||
435 | Бу жерге туруп нетейин? | |
Мен жылкыны көздөй кетейин” | ||
Деп,— ошентип бай Жакып, | ||
Айланайын кудурет, | ||
Астындагы мингени, | ||
440 | Торучаар сындуу ат экен, | |
Томуктай болгон мал экен, | ||
Үстүнө минип бай Жакып, | ||
Аркы-терки камчы уруп, | ||
Кара жаак булдурсун, | ||
445 | Кармай колго имерип, | |
«Каң» дегизе Торуну, | ||
Ошондо капталга тартып жиберип, | ||
Мына ошондо жарыктык, | ||
Алкынтып миниптир, | ||
450 | Ушу турган Карагыр, | |
Калың жылкы жайначу, | ||
Ошого жетип барыптыр. | ||
Эми аны коюп туралы, | ||
Үйдө калган Чыйырды, | ||
455 | Ошондон кабар алалы. | |
Ошо кездең энекең, | ||
Төбөм кокуй төбөм,— деп, | ||
Төбөмдү кокуй жээди,— деп, | ||
Айланайын кудурет, | ||
460 | Мени бу жээй турган балабы? | |
Балаң эмес балеби? | ||
Кантейин кокуй кантейин? | ||
Кандай айла терейин? | ||
Бу көрөкчө өлөйүн | ||
465 | Кыямат жайды көрөйүн. | |
Айланайын кудурет, | ||
Жаным аман болсо деп, | ||
Айланайын кудурет, | ||
Кокуй, кокуй каран күн, | ||
470 | Жараткан жалгыз мен жалгыз, | |
Менден калар бу жалгыз, | ||
Ушу курсагымда бала деп, | ||
Өзүң көргөн Чыйырды, | ||
Чымындай жаны чыркырап, | ||
475 | Канчалык кыйын болсо да, | |
Катын эмеспи Чыйырды, | ||
Айланайын кудурет, | ||
Катуураак ыйлап алды дейт, | ||
Карагызды чакырып, | ||
480 | Ал аңгыча болгон жок, | |
Ошо кезде жарыктык, | ||
Айланайын Каракыз, | ||
Калаадагы катынды, | ||
Кокуй үйгө жакын койбостон, | ||
485 | Токой көздөй айдагын, | |
Айылдагы аялды, | ||
Айылга кокуй койбостон, | ||
Алысыраак айдагын. | ||
Көрө албаган көз жаман, | ||
490 | Айланайын кудурет, | |
Сүйлөп койсо сөз жаман. | ||
Балама көзү тийеби, | ||
Балама сөзү тийеби, | ||
Айылга аял койбогун, | ||
495 | Айланайын Каракыз, | |
Мээнетиңди алайын, | ||
Укчуң айткан сөзүмдү, | ||
Байкадың го өзүмдү, | ||
Деп,— ошентип Чыйырды. | ||
500 | Толгоо тартып тогуз күн, | |
Тогузунчу күнүндө, | ||
Күнүндө эмес бешимде, | ||
Кеч кирип калган мезгилде, | ||
Мына ошондо жарыктык, | ||
505 | Жер силкинип термелди, | |
Кудай бетин салбай кал, | ||
Ошо кезде сураба, | ||
Ошо кезде сурасаң, | ||
Өзүң көргөн энекең, | ||
510 | Айланайын кудурет, | |
Жатып алса туралбайт, | ||
Туруп алса жаталбайт, | ||
Белим кокуй ий белим,— деп, | ||
Балтырымды жээди,— деп, | ||
515 | Кантейин кокуй кантейин, | |
Деп,— ошондо энекең. | ||
Көзүнүн жашы оңталаа, | ||
Мурдунун суусун тарталбай, | ||
Көзүнүн жашын арталбай, | ||
520 | Ыйлап турду буркурап. | |
Кантейин кокуй кантейин? | ||
Кандай айла терейин? | ||
Деп,— ошентип турганда, | ||
Ошо кезде сураба, | ||
525 | Ошо кезде сурасаң, | |
Ал аңгыча болгон жок, | ||
Каканак суусу шар этип, | ||
Ммм, баягы турган энекең, | ||
Кудай бетин көргөзбө, | ||
530 | Баканды турду кучактап, | |
Каканак суусу шар этип, | ||
Баланын үнү бар этип, | ||
Аягы менен тик түшүп, | ||
Мына ошондо бу бала, | ||
535 | Айланайын кудурет, | |
Бакырыгы баш жарып, | ||
Кыйкырыгы таш жарып, | ||
Муну көрбөй калдың энекең, | ||
Марту басып карасаң, | ||
540 | Эки көзү сүзүлүп, | |
Ошо жаны кетип барат үзүлүп, | ||
Айланайын кудурет, | ||
Кара басты энеңди, | ||
Ошо кезде Каракыз, | ||
545 | Бала эмеспи энеңе, | |
Өөдө-төмөн жүгүрүп, | ||
Доолбасын колго алып, | ||
Айланайын кудурет, | ||
Күңгүрөнүп күүлөнүп, | ||
550 | Ичинен кызың сүйлөнүп, | |
Мунун бүбүлүгү бар эле. | ||
Бүүлүнгөндү бүтөгөн, | ||
Үзүлгөндү уулаган, | ||
Чачылганды жыйнаган, | ||
555 | Кайран энең Чыйырды, | |
Айланайын кудурет, | ||
Эки көзү ачылбай, | ||
Сунган буту тартылбай, | ||
Жатып алсаң Каракыз, | ||
560 | Кантейин кокуй кантейин, | |
Энекемден айрылсам, | ||
Бу дүйнөдөн кантип турайын, | ||
Деп,— ошондо Каракыз, | ||
Аа дүйнө көздөй безейин, | ||
565 | Бу жерге кантип турайын, | |
Айланайын энеке, | ||
Ой энекең, энеке, | ||
Энеке биздин береке, | ||
Аман жаның кыла көр, | ||
570 | Деп,— ошентип Каракыз, | |
Жаратканга жалынып, | ||
Көкө Теңир колдо,— деп, | ||
Умай энем ула,— деп, | ||
Жаратканым жалга,— деп, | ||
575 | Суу атасы суу мерген, | |
Суу мерген өзүң колдо,— деп, | ||
Тоо атасы тоо мерген, | ||
Тоо мерген өзүң жалга,— деп, | ||
Айланайын кудурет, | ||
580 | Кантейин кокуй кантейин? | |
Энелүү адам зор экен, | ||
Энемди жутуп алсам мен кор экен, | ||
Кантейин кокуй кантейин? | ||
Ой энеке, энеке! | ||
585 | Энемдин жаны аман калса деп, | |
Атаганат дүнүйө, | ||
Балаң эмне болсо, аа болсун, | ||
А дүйнө сапар тартсын деп, | ||
Энем аман калсын деп, | ||
590 | Мына ошондо Каракыз, | |
Ойлогону ушундай. | ||
Энекесин ойлоду, | ||
Каалаганы момундай. | ||
Айланайын кудурет, | ||
595 | Бүбүлүгүң ушундай, | |
Күңгүрөнүп күүлөнүп, | ||
Ичинен байкуш сүйлөнүп, | ||
Мына ошондо жарыктык, | ||
Бир жерге такыр туралбай. | ||
600 | Айланайын энеке, | |
Ой энекең, энеке, | ||
Жаныңды аман кала көр, | ||
Жаның аман калсын деп, | ||
Жаратканга жалынып, | ||
605 | Ата-бабаң арбагын, | |
Атын айтып чакырып. | ||
Айланайын кудурет, | ||
Энемдин жанын аман сактай көр, | ||
Деп,— ошентип тургуча, | ||
610 | Айтып оозун жыйгыча, | |
Ошо кезде энекең, | ||
Эки көзү ачылып, | ||
Умаштай көзү ачылып, | ||
Айланайын кудурет, | ||
615 | Сага жалган мага чын, | |
Жараткандын иши экен. | ||
Ошо кезде энекең, | ||
Күңгүрөнүп күүлөнүп, | ||
Айтып турду сүйлөнүп. | ||
620 | Баламды алып келчи деп, | |
Эркек бекен, кыз бекен? | ||
Айтып ийчи тез деп, | ||
Мына ошентип айтканда, | ||
Ошо кезде баягы, | ||
625 | Өзүң көргөн Каракыз, | |
Тогуз кездей оромол, | ||
Оромолду колго алып, | ||
Орой салды баланы. | ||
Мына ошондо жарыктык, | ||
630 | Энесине тапшырып, | |
Ой энеке койчу,— деп, | ||
Балаң менен балэ кал! | ||
Ушу турган жаның,— деп, | ||
Жаның аман калса,— деп, | ||
635 | Тилегеним момундай | |
Өз камын жеп ыйлап, | ||
Өзүң көргөн Каракыз, | ||
Мунуң минтип турганда, | ||
Ошо кезде энекең, | ||
640 | Ала калып баланы, | |
Айланайын кудурет! | ||
Чормоюп турган чочогун, | ||
Эми көрүп алды эми, | ||
Айланайын кудурет! | ||
645 | Жаратканым колдо,— деп, | |
Берген экен өзү,— деп, | ||
Оң эмчегин салганы, | ||
Оң эмчегин салганда, | ||
Оболкусу сүт чыгып, | ||
650 | Экинчиси суу чыгып, | |
Үчүнчүсү кан чыгып, | ||
Байбичеден жан чыгып, | ||
Ий кокуй кантет деп, | ||
Кандай айла терем деп, | ||
655 | Жанымды кокуй алабы? | |
Ушу турган бу бала, | ||
Айланайын кудурет, | ||
Жанымды кокуй кыябы? | ||
Деп,— ошондо сураба, | ||
660 | Мына ошондо сурасаң, | |
Ошо кезде Чыйырды, | ||
Атаңдын көрү дүнүйө, | ||
Жараткандын кылган иши экен, | ||
Мына ошондо байкасаң, | ||
665 | Эки күнү ай чыкпай, | |
Алты күнү күн чыкпай, | ||
Жердин үстү термелди, | ||
Ал аңгыча болгон жок, | ||
Оң жагынан баланын, | ||
670 | Кара чаар кабылан, | |
Капталында камынды, | ||
Көсө куйрук көк арстан, | ||
Көт жагында чамынды, | ||
Жети дөбөт көк бөрү, | ||
675 | Тегеректеп курчады, | |
Төбө жагын карасаң, | ||
Бу баланы байкасаң, | ||
Төбө жактан баягы, | ||
Куш төрөсү будайык, | ||
680 | Чеңгелин сунган арбайтып, | |
Канатын жайган калдайтып, | ||
Ач ажыдаар айлантып, | ||
Алты айланып алыптыр, | ||
Муну көрүп баягы, | ||
685 | Өзүң көргөн Каракыз, | |
Бүбүлүгү бар эле, | ||
Көз ачыктык жайы бар, | ||
Муну көрүп Каракыз, | ||
Ошо кезде жарыктык, | ||
690 | Жантасилим болду эле, | |
Атаганат дүнүйө, | ||
Кудай бетин көргөзбө, | ||
Маңдайга жазган ушу экен, | ||
Чече албады көп ойлоп, | ||
695 | Өзүң көргөн баягы, | |
Өзүң көргөн энекең, | ||
Каракызды козгоду, | ||
Айланайын кызым,— деп, | ||
Мээнетиңди гана алайын, ооо, | ||
700 | Койгун кызым, койгун,— деп, | |
Бу жалганга мени калтырба, | ||
Куу баш кылып атыкпа, | ||
Кантейин гана балам кантейин? | ||
Койгун балам, койгун деп, | ||
705 | Айта турган гана кебим бар, ооо, | |
Акбалтанын зайыбы, | ||
Актинтени гана чакыр деп, | ||
Акчайымды чакыр деп, | ||
Акчайым деп гана бакырып, | ||
710 | Үйдөн чыкты Каракыз, | |
Эсине келип жарыктык, | ||
Согончогу шак этип, | ||
Май куйрукка так этип, | ||
Ошо кезде Акчайым, | ||
715 | Атаганат дүнүйө, | |
Кандай гана шумдук болду деп, | ||
Атаганат дүнүйө, | ||
Арбыды мээнет күнүгө, | ||
Оо байбичең гана аман калдыбы? | ||
720 | Балаң менен опат кал, | |
А байбиче гана аман барбы,— деп, | ||
Акчайым собул салганда, | ||
Ошо кезде Каракыз, | ||
Айланайын жеңеке, | ||
725 | Ой жеңеке, жеңеке, | |
Энем аман калды,— деп, | ||
Оой айланайын кудурет, | ||
Оой баланы тапкан энем,— деп, | ||
Оой баладан аман калды,— деп, | ||
730 | Кагылайын жеңеке, | |
Ой жеңеке, жеңеке, | ||
Энекемдин буйругу, | ||
Ой Акбалта абамды чакыр,— деп, | ||
Балта абамды чакыр,— деп, | ||
735 | Айта турган кеби бул, | |
«Бай Жакыпка барсын,— дейт, | ||
Сүйүнчүлөп айтсын,— дейт, | ||
Байбичең эркек тууду,— деп, | ||
Айланайын кудурет, | ||
740 | Ээриккенде байбиче, | |
Эркек тапты сүйүнчү», | ||
Деп,— ошентип айтсын деп, | ||
Атаңдын көрү дүнүйө, | ||
Кудай бетин көргөзбө, | ||
745 | Ошо кезде Акчайым, | |
Аттап-буттап үйүнө, | ||
Кирип барды төрүнө, | ||
Төрдө жаткан баягы, | ||
Эчтеме менен иши жок, | ||
750 | Өзүң көргөн Акбалта, | |
Куш жаздыкты жазданып, | ||
Жаткан экен жарыктык, | ||
Акчайым айтат мындай,— деп, | ||
«Айланайын Акбалта, | ||
755 | Ой байбичең эркек тууду,— деп, | |
Сүйүнчүлөп баргын,— дейт, | ||
Бай Жакыптын өзүнө, | ||
Барып айткын кабарды, | ||
Сүйүнчүсүн алгын,— деп, | ||
760 | Сүйүнчүсүн берет,— деп, | |
Калыңдап берет сүйүнчү». | ||
Ошонун бирин калтырбай, | ||
Айланайын Балта,— деп, | ||
Мына ошондо Акчайым, | ||
765 | Акбалтага муну айтса, | |
Ошо кезде Акбалта | ||
Макул, макул, макул,— деп, | ||
Айтканыңдай кылам,— деп, | ||
Кудай бетин салбай кал, | ||
770 | Өзүң көргөн баягы, | |
Көк Тулпарды токунуп, | ||
Айланайын кудурет, | ||
Карагыр көздөй бет алып, | ||
Күн эки күн жол жүрүп, | ||
775 | Ат аябай мол жүрүп, | |
Ошо кезде Акбалта, | ||
Жетип барды кырына, | ||
Айтып турду мындай деп: | ||
«Ой сүйүнчү, сүйүнчү, | ||
780 | Бакырыгы баш жарып, | |
Кыйкырыгы таш жарып, | ||
Колундагы баягы, | ||
Доолбосту бир уруп, | ||
Айланайын байым,— деп, | ||
785 | Ой жоголордо байбичең, | |
Жолборс тапты сүйүнчү! | ||
Эриккенде байбичең, | ||
Эркек тапты сүйүнчү! | ||
Каарыганда байбичең, | ||
790 | Каралды тапты сүйүнчү! | |
Ой сүйүнчү, сүйүнчү! | ||
Сүйүнчүм гана»,— деп, | ||
Мына ошондо Акбалта | ||
Бай Жакыпка муну айтса, | ||
795 | Ошо кезде бай Жакып, | |
Карыш тартып кулагы, | ||
Кана кайталачы дагы,— деп, | ||
Мына ошентип алганда, | ||
Ошо кезде Акбалта, | ||
800 | Жакын келди бастырып, | |
А бай Жакыпка муну айтат: | ||
«Айланайын байым,— деп, | ||
Жоголоордо байбичең, | ||
Жолборс тапты сүйүнчү! | ||
805 | Каарыганда байбичең, | |
Кабылан тапты сүйүнчү! | ||
Эриккенде байбичең, | ||
Эрмек тапты сүйүнчү! | ||
Айланайын байым»,— деп, | ||
810 | Мына ошондо Акбалта, | |
Айтып турса Жакыпка, | ||
Ошо кезде бай Жакып, | ||
Айланайын кудурет, | ||
Кудайымдын бергени, | ||
815 | Жаратканым жалга,— деп, | |
Жараткан жалгыз мен жалгыз, | ||
Менден калган бул жалгыз, | ||
Деп,— ошондо кудайым, | ||
Өзү Кудай жалында, | ||
820 | Ошо кезде бай Жакып, | |
Айланайын кудурет, | ||
Атадан калган тулпары, | ||
Тору-Чаарды минген дейт, | ||
Томуктай болгон булдурсун, | ||
825 | Эми Томукту көздөй урду,— дейт, | |
Ошо кезде жарыктык, | ||
Тоо аралап жүрдү,— дейт, | ||
Өзү турган айылы, | ||
Айылына келди,— дейт, | ||
830 | Күн эки күн жол жүрүп, | |
Ат аябай мол жүрүп, | ||
Жакын келип айылга, | ||
Бакырыгы баш жарды, | ||
Айланайын балам,— деп, | ||
835 | Аман берсең бэргин,— деп, | |
Мына ошентип айтканда, | ||
Үйдөн чыгып Акчайым, | ||
Сүйүнчүңүз канаке, | ||
Ой сүйүнчү, сүйүнчү, | ||
840 | Ээриккенде байбичең, | |
Эркек тапты сүйүнчү! | ||
Деп,— ошентип турганда, | ||
Жоо душманга күйүнчү, | ||
Жакындарга сүйүнчү! | ||
845 | Деп,— ошентип турганда, | |
Ошо кезде бай Жакып, | ||
Үстүндөгү баягы атынын, | ||
Күмүш каңкы ээр токумду, | ||
Ошону гана чечип берди эми, | ||
850 | Сүйүнчүңө ушул,— деп, | |
Арты гана болсун тулпар,— деп, ооо, | ||
Жакын келип бай Жакып, | ||
Он эки канат өөргөгө, | ||
Кирбей баш багып, | ||
855 | Ошо кезде караса, | |
Кайран энең Чыйырды, | ||
Айланайын кудурет, | ||
Чыйырды жайын сураба, | ||
Чыйырды жайын сурасаң, | ||
860 | Айланайын кудурет, | |
Айласын таппай кыйналып, | ||
Жаткан экен бул ирет, | ||
Мына ошондо Чыйырды, | ||
Баласын бекем кучактап, | ||
865 | Сол эмчегин салганы, | |
Сол эмчегин салганда, | ||
Оболкусу сүт чыгып, | ||
Экинчиси суу чыгып, | ||
Үчүнчүсү кан чыгып, | ||
870 | Байбичеден кан чыгып, | |
Жаны кейип турганда, | ||
Ошо кезде бай Жакып, | ||
Жакын келип кудурет, | ||
Ушу турган баягы, | ||
875 | Булдурсунун колго алып, | |
Чекесине тийгизип, | ||
Коркурата бир жыттап, | ||
Аман болсун бала,— деп, | ||
Оо жараткан кудурет, | ||
880 | Өмүрүң узун болсун,— деп, | |
Ушул узун өмүрдө, | ||
Бакыт-таалай болсун,— деп, | ||
Астына так болуп, | ||
Кылган иши ак болуп, | ||
885 | Жаратканым жалгасын, | |
Умай эне уласын, | ||
Алтай ээси колдосун, | ||
Айланайын кудурет, | ||
Жол атасы Жол Акмат, | ||
890 | Жол Акмат дайым жолдосун, | |
Кол атасы Кол Акмат, | ||
Дайым муну колдосун, | ||
Деп,— ошентип айтканда, | ||
Ошо кезде сураба, | ||
895 | Ошо кезде сурасаң, | |
Өзүң көргөн Чыйырды, | ||
Айланайын байым,— деп, | ||
Тоюна токсон соёлу, | ||
Тоо башында топоз бар, | ||
900 | Топоздон токсонду алдыртып, | |
Тоюна эми соёлу, | ||
Жылгада жаткан жылкыдан, | ||
Жетимишти соёлу, | ||
Айланайын кудурет, | ||
905 | Жэнтекти мыктап берели, | |
Айланайын байым,— деп, | ||
Айтканындай болсун,— деп, | ||
Жакын менен алысты, | ||
Бери кел,— деп чакырып, | ||
910 | Бай Жакып уулду болду,— деп, | |
Атын кандай коём,— деп, | ||
Айласы кетип түгөнгөн, | ||
Жаман менен жакшыны, | ||
Алыс менен жакынды, | ||
915 | Баарын бирдей чакырып, | |
Тогуз күнү той кылып, | ||
Мына ошондо бай Жакып, | ||
Тогузунчу күнүндө, | ||
Токтоналбай түгөнгүр, | ||
920 | Эми кокуй кантем,— деп, | |
Баламдын аты кандай,— деп, | ||
Атын кандай койсом,— деп, | ||
Айласы кетип бай Жакып, | ||
Өөдө-төмөн көп басып, | ||
925 | Мына ошентип турганда, | |
Ошо кезде сураба, | ||
Ошо кезде сурасаң, | ||
Өзүң көргөн баягы, | ||
Кайыбынан кабылып, | ||
930 | Ак сакалчан думана, | |
Өзү кудай жолунда, | ||
Аса таяк колунда, | ||
Кайыбынан кабылып, | ||
Кайдан келди билбейбиз, | ||
935 | Ошо кезде береги, | |
Жакын келип Жакыпка, | ||
Берчи балаң колума, | ||
Деп,— ошентип думана, | ||
Ала калып колуна, | ||
940 | Көктү көздөй каратып, | |
“Аман болсун балаң!” — деп, | ||
“Кундак боосу бек болсун! | ||
Кылган иши ак болсун! | ||
Астына минээр так болсун!” | ||
945 | Деп,— ошондо жарыктык | |
Теңирим өзү тескесин, | ||
Умай эне уласын, | ||
Жаратканы жалгасын, | ||
Узун болсун өмүрү, | ||
950 | Ал өмүрдүн ичинде, | |
Бакыт берсин Кудайым, | ||
Деп,— ошентип думана, | ||
Аты болсун «Манас» деп, | ||
Кылган иши ак болсун | ||
955 | Деп,— ошондо кудайым, | |
Өзүң көргөн думана, | ||
Кайда экени билинбей, | ||
Караса көзгө илинбей, | ||
Кайып болду көрдүңбү? | ||
960 | Муну көрүп бай Жакып, | |
Аң-таң болду көрдүңбү? | ||
Бармак тиштеп баш чайкап, | ||
Кандай шумдук болду,— деп, | ||
Аты «Манас» болду деп, | ||
965 | «Манас» атка конду деп, | |
Азан айтып чакырып, | ||
Кулагына шыбырап, | ||
Жаратканга жалынып, | ||
Жетимиш ата арбагын, | ||
970 | Атын айтып чакырып, | |
Ата-бабам арбагы, | ||
Ар качандан бир качан, | ||
Арбагы колдоп жүрсүн,— деп, | ||
Жаратканым жалгасын, | ||
975 | Теңирим өзүң теске,— деп, | |
Мына ошондо бай Жакып, | ||
Кудай бетин салбай кал, | ||
Жалпылардын алдына, | ||
Баласын алып көтөрүп, | ||
980 | А батаң алып тиледи, | |
Ооо Кудайым кылган иши экен, | ||
Ошону менен бай Жакып, | ||
«Манас» уулду болду,— деп, | ||
Жакындарга «Манас» деп, | ||
985 | Билбегенге аты деп, | |
Айта турган ушу кеп, | ||
Айланайын кудурет, | ||
Чоң тентек болсун деп, | ||
Ошону менен бай Жакып, | ||
990 | Жарыя кылды жалпыга, | |
Жалпы кыргыз журтуна, | ||
Кырк үйлүү түтүнгө, | ||
Айтып турду күбүлө, | ||
Айланайын кыргыздар, | ||
995 | Айта турган ушу иш, | |
Ушу турган балам,— деп, | ||
Баламын аты Манас болсун,— деп, | ||
Билбегендин баарына, | ||
Жоо душман касыма, | ||
1000 | Аты болсун Тентек, | |
Деп,— ошентип айтканда, | ||
Ошону менен баардыгы, | ||
Антын берди Жакыпка, | ||
Айтайын макул айтайын, | ||
1005 | Айланайын кудурет, | |
Кол куушуруп баягы, | ||
Кырк үйлүү кыргыз журт, | ||
Ошо кезде жарыктык, | ||
Солбуй басып жүгүнүп, | ||
1010 | Сол тизеден бүгүнүп, | |
Олбуй басып жүгүнүп, | ||
Оң тизеден бүгүнүп, | ||
Келин болуп жүгүнүп, | ||
Баары берди антын,— дейт, | ||
1015 | Бай Жакыптын өзүнө, | |
Карарган гана кара көзүнө. |