69ɫ

American University of Central Asia - 69ɫ - Transcription 3

Talantaaly Bakchiev - Transcription Three

T3

Talantaaly Bakchiev, 'Birth of Manas', recorded 22 December 2017

Audiovisual recording by Kamila Baimuratova [available]

Transcription below by Alymkan Jeenbekova

Кечээ көргөн бүгүн жок,
Алдамчы экен дүйнө бок,
Бүгүн көргөн эртең жок,
Ушундай экен дүйнө шок.
5 Жараткандын бергенин,
Жазбай айтып берейин,
Жараткан билет ким билет,
Жараткандын бергенин,
Жаңылбай айтып кетейин,
10 Кудай билет ким билет,
Кудайымдын бергенин.
Кут кылып айтып кетейин,
Эгем билет ким билет,
Эгемимдин бергенин,
15 Эбин таап берейин,
Жараткандын иши экен,
Мына ошондо жарыктык,
Кечээ Караган өтүп кеткенде,
Кайрылгыс чын жайды,
20 Кайран киши көргөндө,
Калың кыргыз мура журт,
Кары менен жашы бар,
Каңгырап ыйлап калганда:
“Кокуй эми кантем?” — деп,
25 Кара журттун баарысы,
Какшап ыйлап калганда,
Кара кийип кан жутуп,
Зар какшап ыйлап калганда,
Калың кыргыз журтубуз,
30 Туш тарапка чачылып,
Чамындыдай быркырап,
Жаш келиндер чыркырап,
Атаганат дүнүйө,
Ошо кезде бай Жакып,
35 Ороздунун уулу экен,
Кең Алтайда жатканда,
Жети жылдай өтүптүр,
Жетпей жүргөн бу Жакып,
Жетилип калган кези бу,
40 Качыр минген бу Жакып,
Тулпар минген кези бу,
Мына ошондо жарыктык,
Заары жетип кудайга,
«Кантем кокуй кантем,— деп,
45 Жашым барат өйдөлөп,
Бу жалгандын өзүнөн,
Куу баш болуп өтөмбү?
Кыямат жайды көрөмбү?
Аркамда калар бала жок,
50 Арман күнүм кантем,— деп,
Атаганат дүнүйө,
Маңдайга жазган ушу»,— деп,
Мына ошентип турганда,
Боюна бүтүп Чыйырды,
55 Чымындай жаны чыркырап,
Айланайын кудай,— деп,
Жаратканым жалгаса,
Ушу турган Жакыпка,
Уул тууп берсем,— деп,
60 Мына ошондо кайран жан,
Сураганы кудайдан,
Айланайын кудай,— деп,
Неге мени кем кылдың?
Согончогум канабай,
65 Соолуп кетип барамын,
Деп,— ошентип турганда,
Боюна бүтүп зайыптын,
Атаганат дүнүйө,
Баралына келиптир,
70 Эки бетин нур чалып,
Өзүң көргөн энекең,
Толгоо тартар күнү экен,
Айланайын кудай,— деп,
Мына ошондо энекең,
75 Миң күндөрдүн бири бу,
Жараткандын күнү бу,
Бейшембинин күнү экен,
Жуманын кадыр түнү экен,
Миң күндөрдүн күнү экен,
80 Таң кашкайып сүрөрдө,
Таң Чолпон жылдыз кирээрде,
Ошо кезде Чыйырды,
Он эки канат кең өргөө,
Он эки кабат төйшөктө,
85 Эчтеме менен иши жок,
Катуу уйкуда жатканда,
Коңурукту кош тартып,
Оң капталда бай Жакып,
Сунган буту тартылбай,
90 Жумган көзү ачылбай,
Мына ошондо жарыктык,
Катуу уйкуну салганда,
Кайран энең Чыйырды,
Чымындай жаны чыркырап,
95 Уйкудан чыкты буркурап,
Түшүм эми кантем,— деп,
Маңдайга жазган ушу,— деп,
Уйкудан чочуп ойгонуп,
Оң жагына обдулуп,
100 Ообун таппай уйкунун,
Оң жагын караса,
Оңбогур Жакып жатыптыр,
Соолуй жатып Чыйырды,
Сол жагына толгонуп,
105 Сообун таппай уйкунун,
Сол жагы менен караса
Солгуур дүйнөң ушу экен,
Үрүл-бүрүл чогуу бар,
Коломто күйүп туруптур,
110 Муну көрүп энекең,
Мына ошондо жарыктык,
Бай Жакыпты ойготуп,
Оң колунан бек тартса,
Ойгонуп койбойт бай Жакып,
115 Айланайын байым,— деп,
Оң колунан бек тартса,
Ойгонуп койбойт бу Жакып,
Айланайын байым,— деп,
Азыр жатып түш көрдүм,
120 Ойгонсоң боло уу Жакып,
Азыр жатып иш көрдүм,
Адам көргүс түш көрдүм,
Бул эмине болуучу,
Бул түшүмдү жооруучу.
125 Көзүнүн жашы онталаа,
Мурдунун суусун тарталбай,
Көзүнүн жашын арталбай,
Мына ошондо энекең,
Бай Жакыпты ойготсо,
130 Ойгонуп койбойт Бай Жакып,
Олдо бирде дүнүйө,
Оргуштаган жалган ай,
Неге мени кем кылдың,
Ооо жараткан кудай ай,
135 Бул эминенин гана кокуй белгиси?
Жараткандын пендеси,
Деп,— ошондо энекең,
Бай Жакыпты ойготуп,
Айтып турат гана мындай деп:
140 «Таң кашкайып сүрөрдө,
Таң Чолпон гана жылдыз кирээрде,
Таңга маал түш көрдүм,
Таңгала турган иш көрдүм,
Айланайын байым,— деп,
145 Бул түшүмдү жооруучу,
Бул эмине болуучу?
Менин атам Бакберген
Өзү кудай жолунда,
Аса-таяк колунда,
150 Сол колунда атамдын,
Бышкан кызыл алма бар,
Айланайын кызым,— деп,
Көз жарып алгын аман,— деп,
Алмасын сунуп турганы,
155 Сунган алма менде,— деп,
Айланайын атакем,
Мына ошондо жарыктык,
Бата кылып «оомийин»,
Көздөн кайым болду эле,
160 Бул эмине болуучу?
Бул түшүмдү жооруучу,
Айланайын байым,— деп,
Мына ошондо Чыйырды,
Атакем Бакберген,
165 Бу д үйнөдөн кеткени,
Жети жылдай болду эле,
Жети жылдан бер карай,
Алдынан өтпөдүм,
Арбагын көрбөдүм.
170 Атакемдин арбагы,
Касиеттүү экен го,
Атаганат дүнүйө,
Арбагын бир сыйлап,
Курмандыкка мал чалып,
175 Алдынан өтүп албадым,
Айланайын байым,— деп,
Мына ошондо энекең,
Бай Жакыпка муну айтса,
Ошо кезде бай Жакып,
180 Эки көзүн ушалап,
Уйкудан чочуп ойгонуп,
Сунган бутун тартты,— дейт,
Жумган көзүн ачты,— дейт,
Кагынып, силкинип,
185 Мына ошондо бай Жакып,
Он эки кабат төшөктөн,
Сурулуп эми чыкты,— дейт,
Ак дамбалчаң курган жан,
Аттап-буттап чыкты,— дейт,
190 Үйдөн чыгып бай Жакып,
«Акбалталап» чакырып,
Бакырыгы баш жарып,
Олдо-бүлдө дүйнө ай,
Оргуштаган жалган ай,
195 Балта, Балта, Балта,— деп,
Кайда кеттиң Акбалта,
Бери келчи жаныма,
Катынымды жин урду,
Жин урганда дин урду,
200 Ооңбогур зайыпты,
Олдо-бүлдө дүйнө ай,
Ооо оңбай калды болду эми.
Атаңдын көрү дүнүйө,
Эптеп тапкан малымды,
205 Ээбин таап салдыбы?
Айланайын кудурет,
Мына ошондо бай Жакып,
Сары эсеп сараң жан,
Ар качандан бир качан,
210 Жетим менен жесирге,
Чычкак улак бербеген,
Мына ошондой жайы бар,
Сараңдыгы болжосуз,
Атаганат дүнүйө,
215 Эптеп тапкан малымдын,
Эсебин эми тапты,— деп,
Кудай урган катынды,
Айланайын кудурет,
Мени кокуй жин урду,
220 Ушу турган катындын,
Азабын жаман тарттым,— деп,
Арман күнгө баттым,— деп,
Мына ошондо бай Жакып,
Акбалтага муну айтса,
225 Ошо кезде Акбалта,
Акчайымдын койнунан,
Аттап-буттап келди,— дейт,
Айланайын байым,— деп,
Кандай шумдук болду,— деп,
230 Капталымда калмак бар,
Калмактар каптап келдиби?
Кыр жагымда кытай бар,
Кыргын салып келдиби?
Маңдайымда манжуу бар,
235 Манжуулар келдиби?
Айланайын кудурет,
Кандай шумдук болду,— деп,
Мына ошондо Акбалта,
Мунуң айтып турганда,
240 Ошо кезде бай Жакып,
Акбалтага муну айтат:
«Кокуй, кокуй каран күн,
Катынымды жин урду,
Эми кокуй кантейин?
245 Жети жылдын ичинде,
Жетти го менин түбүмө,
Эптеп тапкан малымдын,
Эсебин тапты го,
Минте берсе оңбойт го,
250 Ушу турган катындын,
Тирүүсүнөн өлгөнү,
Артыгыраак өзүмө,
Деп,— ошондо курган жан
Тууй турган баласы,
255 Туйгун болсо кандай,— деп,
Ушу турган байбиче,
Атаңдын көрү дүнүйө,
Азапты салды башыма,
Деп,— ошондо жарыктык,
260 Мунуң минтип турганда,
Ошо кезде курган жан,
Өзүң көргөн Балтага,
Бай Жакып айтат мындай деп:
«Айта турган кебим бу,
265 Айланайын Акбалта,
Карагырдын оюнда,
Калың жылкы бар эле,
Ал кара жылкы ичинде,
Сары-Аладан сандан бар,
270 Көк-Аладан көптөн бар,
Кара-Аладан канча бар?
Ушу калың жылкыдан,
Ай-туякка чалууга,
Алып келчи ылайыктуу,
275 Атаганат дүнүйө,
Курмандыкка чалууга,
Төп келген мал алып кел,
Деп,— ошентип жарыктык,
Ата-бабаң арбактын,
280 Алдынан өтүп алайын,
Кайнатам эле Бакберген,
Бакбергендин алдынан,
Бүгүн өтүп алайын,
Курмандыкка мал чалып,
285 Ай туякка мал чалып,
Аарыңа өтөйүн,
Андан кийин көрөйүн,
Бу катынымды жин урду,
Айланайын кудурет,
290 Деп,— ошентип бай Жакып,
Акбалтага муну айтса,
Макул, макул, макул,— деп,
Айтканыңдай кылам,— деп,
Кагылайын бай Жакып,
295 Капа болбо кантет,— деп,
Мына ошондо Акбалта,
Астындагы минери,
Өзүң көргөн баягы,
Көк-Чолок сындуу ат экен,
300 Көк-Чолоктун үстүнө,
Ашып-шашып кийинип,
Үзөнгүсүн теппестен,
Мына ошондо жарыктык,
Шамдагайы билинип,
305 Ат үстүнө минди,— дейт,
Атты эми камчылап,
Аркы-терки койгулап,
Үзөнгүсүн ургулап,
Мына ошондо Акбалта,
310 Кудай бетин салбай кал,
Жөнөп калды көрдүңбү?
Карагырдын оюна,
Эми аны коюп туралы,
Үйдө жаткан Чыйырды,
315 Ошондон кабар алалы,
Жаш баладай буркурап,
Чымындай жаны чыркырап,
Өзүң көргөн Чыйырды,
Ошо кезде буркурап,
320 Ыйлап турду кантейин?
Оо жараткан кудайым,
Кантейин кокуй кантейин?
Айланайын кудурет,
Төрөй турган маалым,— деп,
325 Ушу турган баламды,
Аман-эсен көз жарсам,
Аман-эсен төрөсөм,
Андан кийин көрөйүн,
Өлсөң өлүп көрөйүн,
330 Өлүмдүн оозун ачайын,
Ажалдын ушу азуусун,
Азуусуна батайын,
Деп,— ошентип Чыйырды,
Айтып турса мындай кеп,
335 Ошо кезде гана жарыктык,
Сооротуп турду гана бай Жакып,
Койгун эми койгун,— деп,
Аман-эсен көз жарсаң,
Алтайдын гана элин чогултуп,
340 Тогуз күнү той кылып,
Мен тоо башында гана топоздон,
Токсонду гана эми алдырам,
Жылгадагы жылкыдан,
Жетимишти гана чалдырам,
345 Колотумда гана коюм бар,
Короо-короо кой союп,
Мен алдыңан гана өтөм атаңдын, ооо
Кудайдын гана кылган иши экен,
Аян гана болуп арбактан,
350 Кабар келип кайыптан,
Айланайын гана ой байбиче,
Деп,— ошентип жарыктык,
Өзүң көргөн бай Жакып,
Чыйырдыга муну айтса,
355 Ошо кезде энекең,
Көзүнөн жашын артты,— дейт,
Мурдунун суусун тартты,— дейт,
Айланайын кудурет,
Ушу турган энекең,
360 Куурсагын бек сылап,
Айланайын кудайым,
Жараткан жалгыз мен жалгыз,
Курсагымда сен жалгыз,
Аман-эсен төрөлсөң,
365 Айланайын балам,— деп,
Тилегеним ушу,— деп,
Кудайымдын алдына,
Курман болуп кетем,— деп,
Мына ошондо энекең,
370 Жаратканга жалынып,
Умай энем ула,— деп,
Жаратканым жалгаа,— деп,
Чоң Алтайдын ээси бар,
Алтай ээси колдо,— деп,
375 Мына ошондо жарыктык,
Өзүң көргөн энекең,
Ичинен келме келтирип,
Асманды карап телмирип,
Айланайын кудурет,
380 Бүгүн бир мени колдо,— деп,
Мына ошентип алганда,
Эми аны коюп туралы,
Кечээ кеткен Акбалта,
Ошондок кабар алалы,
385 Ошо кездең Акбалта,
Эки күндүк жол экен,
Күн эки күн жол жүрүп,
Ат аябай мол жүрүп,
Мына ошондо жарыктык,
390 Жебе менен жарышып,
Жел менен алышып,
Астындагы Көкчолок,
Көкчолок атын ургулап,
Жетип барды көрдүңбү?
395 Карагырдын оюна,
Ал Карагырдын оюнда,
Айланайын кудайым,
Жети жылдын ичинде,
Өзүң көргөн бай Жакып,
400 Манжууларга кайрылып,
Калмактарга кайрылып,
Эптеп тапкан мүлк сатып,
Мына ошондо жарыктык,
Малга эми алмашып,
405 Мал күттү көрдүңбү?
Жердин үстүн чийдирип,
Аштык айдап бай Жакып,
Данын эми алмашып,
Тыргоот менен солоңго:
410 “Малдуу болдум мен эми
Короо-короо малым бар,
Күтө турган өзүм,— деп,
Өттүп кетсем дүйнөдөн,
Малдын ээси ким болот?
415 Ээси турса кандай,— деп,
Мына ошондо бай Жакып,
Заары какшап кудайга,
Айтып турган арманын,
Жакыптын жайы ушундай,
420 Көркөмүн көрсөң момундай,
Жети жылдын ичинде,
Жердин үстүн каздырып,
Мына ошондо жарыктык,
Алтын-күмүш алдырып,
425 Манжууларга барган,— дейт,
Калмактарга кайрылып,
Алтын берип ат алып,
Күмүш берип кой алып,
Мына ошентип бай Жакып,
430 Эптеп жүрүп жарыган,
Айланайын кудурет,
Короо-короо кой болуп,
Жылгада толгон жылкы бар,
Тоо башында топоз бар,
435 Айланайын кудурет,
Жети жылдын ичинде,
Жетилип калган бай Жакып,
Мына ошондо Акбалта,
Карагырга барганда,
440 Баягы эптеп тапкан малынын,
Санын санга салганда,
Ошо кезде карасаң,
Сандаган жылкы жайнаган,
Жети миңдей жылкы бар,
445 Жети миңдей жылкыны,
Кайтарып жүргөн жылкычы,
Жетимиштей бар экен,
Оо жараткан кудурет,
Мына ошондо бай Жакып,
450 Бай Жакыптын буйругу,
Эки кылаар ал барбы?
Деп,— ошондо Акбалта,
Жылкычы башы Ыйманга,
Кайрылып айтат мындай деп:
455 «Оо Ыйманым, Ыйманым,
Кайда кетти жыйганың?
Айтып келчи өзүмө,
Бери келчи өзүмө,
Айта турган сөзүм бар,
460 Бай Жакыптын буйругу,
Кечээ жоокерчилик заманда,
Эки кылар ал барбы?
Айта турган кеп ушу,
Калың жылкы ичинен,
465 Курмандыкка чалууга,
Ылайыктуу мал тапкын,
Деп,— ошентип тургуча,
Айтып оозун жыйгыча,
Калың жылкы четинде,
470 Өөзүнчө бөлүнүп,
Көрүнгөндө көрүнүп,
Көрүнбөсө тим эле,
Камбар ата, Кара-Айгыр,
Кара-Айгырдын өзүндөй,
475 Бөлүнүп турган көзү экен,
Кайыбынан кабылып,
Дарып кеткен кези экен,
Өзүң көргөн баягы,
Баягы Кула бээ көрүнүп,
480 Кула бээни көргөндө,
Мына ошондо Акбалта,
Ыйманга айтат мындай деп:
«Ушу турган Кула бээ,
Курмандыкка чалганга,
485 Ылайыктуу мал экен,
Башына нокто салып кел,
Адал өзүмө алып кел,
Деп,— ошентип тургуча,
Ошо кезде Ыйманың
490 сабылып туруп мындай дейт:
«Айланайын Акбалта,
Бир карыш болгон желини,
Тууй турган маалы,— деп,
Арнап койгон мал эле,
495 Байбичең эркек төрөсө,
Энчилеп берсем өзүм»,— деп,
Айтарым гана ушул Акбалта,
Жакшылыкка жарайт,— деп,
Ээ арнап жүргөн гана мал элең,
500 Айланайын гана кудурет,
Маңдайга жазган ушу,— деп,
Мына ошондо гана Акбалта,
Калың жылкынын гана ортодо,
Камбар ата дарыган,
505 Кайыбынан гана кабылган,
Касиеттүү гана Торайгыр, ууу
Торайгырды гана көрдү,— дейт,
Тоомуктай болгон мал экен,
Ушу курмандыкка гана чалуугаң,
510 Төп келүүчү гана жан экен,
Бай Жакыпка барайын,
Мына айтканыңды гана кылдым,— деп,
Курмандыкка гана чалгын,— деп,
Бир мактанып гана айтайын,
515 Издегениң табылды,
Каалаганың гана кабылдың,
Деп,— ошентип Акбалта,
Ичинен ойлоп мындай кеп,
Мына ошондо жарыктык,
520 Жылкыны барып аралап,
Башына салды айгырдын,
Атаганат дүнүйө,
Күмүштөн куйган ноктону,
Эми салып башына,
525 Жети акаң алып алды,— дейт,
Ушу турган баягы,
Эки бөйрөк бел экен,
Өзүң көргөн Жакыптын,
Жердеп турган жери экен,
530 Айланайын кудурет,
Кана эмесе жөнөң,— деп,
Мына ошондо жарыктык,
Камчы салып атына,
Үзөңгүсүн теминип,
535 Жети акаң алып айгырды,
Эми жөнөп калган,— дейт,
Айланайын кудурет,
Күн эки күн жол жүрдү,
Ат аябай мол жүрдү,
540 Эми аны коюп туралы,
Айылда күткөн баягы,
Бай Жакыптын өзүнөн,
Ошондон кабар алалы.
Ошо кезде бай Жакып,
545 Өөдө-төмөн көп басып,
Ары-бери эп басып,
Кайда кеттиң Акбалта?
Капталымда калмак бар,
Калмактар кармап алдыбы?
550 Колуна кишен салдыбы?
Кыр жагымда кытай бар,
Кытайга кире качтыбы?
Кайда кеттиң Акбалта?
Келе турган маал эле,
555 Келбей турат кантет,— деп,
Минте берсе болбойт,— деп,
Деп,— ошондо бай Жакып,
Маңдайымда манжуу бар,
Манжуулардын баарысы,
560 Айланайын кудурет,
Акбалтаны аңдышып,
Моюнуна кишен салдыбы?
Айланайын кудурет,
Туткундап алды Балтаны,
565 Мына ошондо жарыктык,
Кантем кокуй кантемин?
Кандай айла теремин?
Деп,— ошентип бай Жакып,
Өөдө-төмөн көп басып,
570 Кейип-кепчип алган,— дейт,
Күңгүрөнүп күүлөнүп,
Ичинен Жакып сүйлөнүп,
Мына ошентип турганда,
Ал аңгыча болгон жок,
575 Күүгүм кирип күн бата,
Мына ошондо жарыктык,
Элдин алды дым жата,
Кирип келди Акбалта,
Ай хай, ай хай, ай хай,— деп,
580 Айланайын байым,— деп,
Айтканыңдай кылдым,— деп,
Курмандыкка чалууга
Төп келишкен Тор-Айгыр,
Алып келдим өзүңө,
585 Кудай билет ишиңди,
Атаганат дүнүйө,
Кудай бетин көргөзбө,
Деп,— ошондо Акбалта,
Баягы эки тизгир, бир чылбыр,
590 Тор-Айгырдын мойнунда,
Кармата салды Жакыпка,
Мына аманат кылып алып кел,
Алып келдим өзүңө,
Деп,— ошентип айтканда,
595 Ошо кезде бай Жакып,
Ар качандан бир качан,
Алып жүрчү койнунда,
Түпкү атасы Арсылан,
Арсыландан калган,— дейт,
600 Өзүң көргөн Актинте,
Актинте жайын сураба,
Актинте жайын сурасаң,
Айланайын кудурет,
Арсыландан калыптыр,
605 Алла-талла кудурет,
Дарып кеткен Тинте экен,
Арсыландын өзүнө,
Тартууга келген зат экен,
Ал Тинтенин бетинде,
610 Арсылан деген жазуу бар,
Муну билген ар дайым,
Өзүң көргөн бай Жакып,
Алып жүргөн койнунда,
Түбү атам Арсылан,
615 Арыстандын заты,— деп,
Айланайын кудурет,
Аманат кылып балама,
Өткөрүп берсем өзүм,— деп,
Мына ошентип жарыктык,
620 Ичинен ойлоп мындай кеп,
Мына ошондо бай Жакып,
Болк эттирип койнунан,
Боосун алды мойнунан,
Өзүң көргөн баягы,
625 Атадан калган Актинте,
Күмүш саптуу бычак,— дейт,
Айланайын кудурет,
Уңгусу болот учу курч,
Мына ошондой зат экен,
630 Ала калып Тинтени,
Мына ошондо бай Жакып,
Бая кашына келген Тор-Айгыр,
Төрт аягын бек байлап,
Жаратканга жалынып,
635 Кыбыланы каранып,
Кудайым өзүң колдо,— деп,
Жаны болсун сизге,— деп,
Эти болсун бизге,— деп,
Айланайын кудурет,
640 Колдой көргүн бул ирет,
Ата-бабам арбагын,
Атап өттүм өзүңө,
Түп атакем Түмөнкан,
Түмөнкан атам колдосун,
645 Башкы атам баарыкан,
Байыртан кызыр дарыган,
Баары атам колдосун,
Абалкы атам Арыстан,
Арыстан атам колдосун.
650 Улуу атам Угузкан
Угузкан атам колдосун.
Улап берсин өзүмдү,
Карарган кара көзүмдү,
Кашайтпасын өзүмдү,
655 Кудайым улап берсин өзүмдү,
Деп,— ошентип жарыктык,
Өзүң көргөн бай Жакып,
Жаратканга жалынды,
Ата-бабаң арбагын,
660 Атын айтып чакырып,
Жаратканга жалынып,
Айланайын кудурет,
Сообу тийсин сизге,— деп,
Эти болсун бизге,— деп,
665 Мына ошондо жарыктык,
Ала калып колуна,
Актинтенин жарыктык,
Мына ошондо бай Жакып,
Ошо кокого эми урган,— дейт,
670 Кокуйлатып баягы,
Кашында турган айгырды,
Ошо кезде жарыктык,
Бир кишинеп өттү,— дейт,
Караса көзгө илинбей,
675 Кайда экени билинбей,
Жерге тамган каны жок,
Мына ошондо Тор-Айгыр,
Айланайын кудурет,
Кашында турган жылкы жок,
680 Кайда экени билинбей,
Караса көзгө илинбей,
Кайып болду бул жылкы.
Муну көрүп бай Жакып,
Аң-таң болуп турду,— дейт,
685 Бармак тиштеп баш чайкап,
Кандай шумдук болду,— деп,
Оо кудайымдын жолуна,
Курмандыкка чалгамын,
Алып кеттиң өзүнө,
690 Айланайын кудайым,
Мындайды адам көрбөдү,
Өзүң көргөн бай Жакып,
Мына ошондо жарыктык,
Эки көзү төрт болуп,
695 Жүрөгү күйүп өрт болуп,
Айланайын кудурет,
Мындайды адам көрбөгөн,
Кандай шумдук болду,— деп,
Мына ошентип тургуча,
700 Айтып оозун жыйгыча,
Ал аңгыча болгон жок,
Өзүң көргөн Чыйырды,
Чымындай жаны чыркырап,
Бакырып ийди буркурап,
705 Кандай шумдук болду,— деп,
Мына ошондо бай Жакып,
Он эки канат кең өргөө,
Аттап-буттап киргенде,
Ошо кезде энекең,
710 Толгоо тартып калыптыр.
Айланайын байым,— деп,
Айланайын кудурет,
Колдогун мени өзүң,— деп,
Мына ошондо энекең,
715 Ичин кармап бир кейип,
Балтырын кармап бир кейип,
Кокуй, кокуй төбөм,— деп,
Төбөмдү кокуй жээди,— деп,
Белим кокуй белим,— деп,
720 Белимди жээди кокуй,— деп,
Эми кокуй кантем,— деп,
Мына ошондо энекең,
Толгоо тартып алганда,
Ал аңгыча болгон жок,
725 Ошо кезде бай Жакып,
Акбалтаны чакырып,
«Айланайын Балтам,— деп,
Уккуң айткан сөзүмдү,
Эми байкаң өзүмдү,
730 Бул жерге туруп нетейин?
Жылкыны көздөй кетейин,
Укчуң айткан сөзүмдү,
Төрөп калса байбиче,
Эркек тууса өзүмө,
735 Сүйүнчүлөп баргын,— дейт,
Кыз тууса байбичем,
Үндөбөстөн калгын,— деп,
Тогуз күндүн ичинде,
Кайра кайтып келем,— деп,
740 Тогуз күндөй күтөйүн,
Тогуз күндүн ичинде,
Толгоосу бүтүп байбичем,
Төрөп калса өзүмө,
Айланайын кудурет,
745 Кудайымдын бергени,
Жаратканым жалгаса,
Эркек тууса байбиче,
Кудайымдын бергени»,
Деп,— ошентип бай Жакып,
750 Акбалтага муну айтса,
Макул, макул, макул,— деп,
Бул айтканың акыл деп,
Канытың тууса кантесиң?
Айланайын, бай Жакып,
755 Үйдө турган болбос,— деп,
Эркектердин белгиси,
А дүйнө көздөй кетет,— деп,
Атаганат дүнүйө,
Бу жерге туруп нетесиң?
760 Андан көрө бай Жакып,
Жылкыны көздөй кеткениң,
Оң болоор,— деп Акбалта,
Кеңеш кылды Жакыпка.
Ошо кезде бай Жакып,
765 Макул, макул, макул,— деп,
Бул айтканың акыл,— деп,
Мына ошондо жарыктык,
Экөө кеп-кеңешип алган дейт,
Мына ошондо сураба,
770 Мына ошондо сурасаң,
Өзүң көргөн бай Жакып,
Ар качандан бир качан,
Минип жүргөн аты эле.
Кудай бетин салбай кал,
775 Мамыда турган байланып,
Тору-Чаарды токунуп,
Үзөңгү менен басмайыл,
Бек тартып алган дейт,
Кашкасы күмүш ээр токум,
780 Эми токунуп алган кези дейт,
Мына ошондо бай Жакып,
Аркы-терки камчы уруп,
Оң тетири теминип,
Умай энең уласын,
785 Жаратканым жалгасын,
Эркек туусун байбиче,
Деп,— ошентип баягы,
Ичинен келме келтирип,
Бул жерге туруп нетейин?
790 Андан көрө мен шордуу,
Жылкыны көздөй кетейин,
Сүйүнчүлөп барсаң Акбалта,
Бек сүйүнүп алайын,
Сүйүнчүсүн берейин,
795 Деп,— ошентип бай Жакып,
Тору-Чаарды койгулап,
Тоону көздөй кеткен дейт.
Тобо кылып кудайга,
Эми аны коюп туралы,
800 Үйдө калган Чыйырды,
Ошондон кабар алалы.
Ошо кезде Чыйырды,
Чымындай жаны чыркырап,
Жаш баладай буркурап,
805 Ыйлап турду жарыктык,
Чыдай албай чыркырап,
Кантейин кокуй кантейин?
Балаң эмес балээби,
Бу курмандыкка жетеби?
810 Ушу турган башымды,
Мени жээй турган балабы?
Деп,— ошондо жарыктык,
Жута турган балабы?
Минте берсе болбойт,— деп,
815 Кантем кокуй кантем,— деп,
Ырымын кылсам момундай,
Деп,— ошентип Чыйырды,
Ар качандан бир качан,
Баласындай көрчү эле,
820 Асырап баккан бала эле,
Өзүң көргөн Каракыз,
Дал ошондо Каракыз,
Быйыл санай келгенде,
Ошондо он экиге чыккан дейт,
825 Каракыз!— деп чакырып,
Бери кел!— деп бакырып,
«Балекетиң алайын,
Укчуң айткан сөзүмдү,
Байкадың го өзүмдү,
830 Болбой турам Каракыз,
Мээнетиң алайын,
Тээтигинде көрдүңбү?
Чай кайнатым жерде дейт,
Өзүң көргөн Каракыз,
835 Жалгыз өскөн чынар бар,
Ал чынардын түбүндө,
Жалгыз чыккан булак бар.
Ошо булакка бара көр,
Толтура чанач суу куюп,
840 Дал өзүмө ала кел,
Ырым кылсам ушундай,
Ошол чынар өзүнөн,
Кырк чырпыкты кыйып кел,
Дал өзүмө алып кел,
845 Айтканымды кыла көр,
Деп,— ошентип Чыйырды,
Каракызга муну айтса,
Каракыз жайын сураба,
Каракыз жайын сурасаң,
850 Айт десең айтып берейин,
Айтпай кантип кетейин,
Ошо кезде гана Каракыз,
Быйыл он экиге гана келген дейт,
Кезегинде Чыйырды,
855 Баягы Эне-Сайдын гана боюнан,
Калмактын гана эски журтунан,
Таап алган кыз экен,
Ошондо Алтайлык гана бала экен,
Өлүп калган гана энесин,
860 Бек кучактап наристе,
Буркурап ыйлап тургандаң,
Жерде жаткан гана оой баланы,
Жерден гана ала калгандаң,
Артынан гана бала келсин,— деп,
865 Ошо кезде энекең,
Асырап багып алган дейт,
Ырым кылып ушундай,
Атын коюп Каракыз,
Көрө албаган көз жаман,
870 Сүйлөп койсо сөз жаман,
Аты болсун Каракыз,
Деп,— ошондо жарыктык,
Баралына келгенде,
Ммм, бой тартып алганда,
875 Келишкен кыз болгондо,
Ушу турган Каракыз,
Атын коём өзгөртүп,
Азырынча Каракыз,
Эл ичинде болсун,— деп,
880 Мына ошондо энекең,
Ырымдап койгон ат экен,
Ошо кезде жарыктык,
Он экиде жан экен,
Ушу турган Каракыз,
885 Жашы жетиге эми келгенде,
Бүбүлүгү көрүнүп,
Ууу, күңгүрөнүп күүлөнүп,
Өзүнчө бала сүйлөнүп,
Мына ошентип калган дейт,
890 Урунарга тоо таппай,
Айланайын кудурет,
Урушаарга жан таппай,
Кагылып балаң өскөн дейт,
Мына ошондо Каракыз,
895 Бүбүлүгү чыккан дейт.
Эки көзү караса,
Кызыл басып жарыктык,
Кудай бетин салбай кал,
Көз ачыктык жайы бар,
900 Көрүнгөндү көргөн дейт,
Көрбөгөндү айткан дейт,
Билбегенди билгизип,
Чачылганды жыйнаган,
Үзүлгөндү улаган,
905 Бүлөнгөндү бүтөгөн,
Мына ошондой жан экен.
Каракыз жайы ушундай,
Мына ошондо энекең,
Ар качандан бир качан,
910 Алып жүргөн гана жанына,
Бери десе гана кызым,— деп,
Ары десе жолдош,— деп,
Мына ошондо гана энекең,
Жандооч гана кылып жанына,
915 Алып жүргөн гана эмеспи?
Каракыз гана жайы ушундай,
Көркөмүн көрсөң момундай,
Кудай гана бетин салбай кал.
Мына ошондо Каракыз,
920 Кетип барат көрдүңбү?
Энеси айткан Чынарга,
Жалгыз чыккан булакка,
Эми аны коюп туралы,
Үйдө калган Чыйырды,
925 Ошондон кабар алалы.
Ал аңгыча болгон жок,
Мына ошондо энекең,
Кудай бетин салбай кал,
Жалгыз үйдө калган дейт,
930 Айтаарына жан чыкпай,
Ооо атаганат дүнүйө,
Кайрыларга жан чыкпай,
Кайгыга баткан дейт,
Кайрылып толгонуп,
935 Толгоо тартып алган дейт,
Айланайын кудурет,
Бу кудайдын кылган иши экен,
Эми аны коюп туралы,
Баягы Чынарга кеткен Каракыз,
940 Ошондон кабар алалы.
Өзүң көргөн Каракыз,
Эптеп жеткен кез экен,
Чоң торпоктун чоң чанач,
Аның алган жанына,
945 Чоң өгүздү минген дейт,
Ммм, күүгүм кирип калганда,
Эми жакын барганда,
Ошо кезде жарыктык,
Ошол чынар жанында,
950 Айланайын кудурет,
Көрүнгөнгө көрүнөт,
Көрүнбөгөн адамга,
Көк түтүндөй бөлүнөт.
Көз ачыктык жайы бар,
955 Каракыздын көзүнө,
Умай энең көрүнүп,
Мына ошондо жарыктык,
Айтып турду шыбырлап.
Энекең эркек туат,— деп,
960 «Эркек тууса энеңдин,
Ууу атаганат дүнүйө,
Аты «Манас» болот,— деп,
Мына ошондо энекең,
Белги берди бу кызга,
965 Аны уккан Каракыз,
Мына ошондо жарыктык,
Жакын келип булакка,
Чоң торпоктун чоң чанач,
Ошого толтуруп сууну куйган дейт,
970 Энекеси айткандай,
Чоң чынардын өзүнөн,
Кырк чырпыкты кыйган дейт.
Эмне кылат энекең,
Аны ойлобой Каракыз,
975 Канжыгага бек байлап,
Оң жагына чаначты,
Сол жагына чырпыкты,
Кайра кайтып келген дейт.
Чоң өгүздү койгулап,
980 Мына ошондо энекең,
Айланайын кудурет,
Бакырыгы баш жарып,
Кыйкырыгы таш жарып,
Чымындай жаны чыркырап,
985 Толгоо тартып алган дейт,
Кудай бетин салбай кал,
Мына ошондо энекең,
Айтып турду бу кызга:
«Айланайын Каракыз,
990 Мээнетиң алайын,
Тээтигинде тай казан,
Тутандырып от койгун,
Тай казандын өзүнө,
Толтура сууну куйгун,— деп,
995 Кайнап калса ал сууга,
Кырк чырпыкты салгын,— деп,
Ырымым бар ушундай,
Айланайын Каракыз,
Деп,— ошентип Чыйырды,
1000 Айланайын кудурет,
Алты күнү толготту,
Айласы жаман болду дейт,
Кудай бетин көргөзбө,
Жети күнү толготту,
1005 Ммм, жаман энең кыйналып,
Тогуз күнү толготуп,
Толгоосу жаман иш болуп,
Мына ошондо энекең,
Ий кокуй белим,— деп,
1010 Балтырымды эзди,— деп,
Белимди кокуй жээди,— деп,
Кантет кокуй кантет,— деп,
Минте берсе болбойт,— деп,
Түбүмө кокуй жетет,— деп,
1015 Мына ошондо энекең,
Тогузунчу күнүндө,
Күнүндө эмес күйгүндө,
Мына ошондо энекең,
Атаганат дүнүйө,
1020 Каканак суусу шар этип,
Баланын үнү бар этип,
Бакырыгы чыкты дейт.
Мына ошондо баягы,
Ыңалагын баланын ,
1025 Үнүн угуп энекең,
Марту басып кетти дейт,
Эки көзү жумулуп,
Сунган буту тартылбай,
Атаганат дүнүйө,
1030 Жумган көзү ачылбай,
Акыл эстен танган дейт.
Муну көргөн Каракыз,
Кандай шумдук болду,— деп,
Айланып жүгүрүп,
1035 «Айланайын энеке,
Ой энекең, энеке,
Энеке гана биздин береке,
Балаң менен гана апатка,
Энем гана аман калса»,— деп,
1040 Каалааганы ушундай,
Өзүң көргөн гана Каракыз,
Кыйкырып гана ыйлап буркурап,
Өөз камын жеп ыйлап,
Мына ошондо гана Каракыз,
1045 Оой энеке гана кокуй энеке,
Кантесиң кокуй кантесиң?
Деп,— ошентип гана тургандаң,
Айласы кетип түгөнүп,
Керегеде илинген,
1050 Атаганат дүнүйө,
Ммм, өзүң көргөн добулбас,
Мунун кыйындыгы билинген,
Ала калып колуна,
Койгулап урду добулбас,
1055 Добулбастын урганда,
Ошол кезде жарыктык,
Күңгүрөнүп күүлөнүп,
Өзүнчө Каракыз турду сүйлөнүп:
“Умай энем ула!” — деп,
1060 “Жаратканым жалга!” — деп,
“Жер-суу ээси колдо!” — деп,
“Суу атасы Суумерген,
Суумерген өзү колдо!” — деп.
“Тоо атасы Тоомерген,
1065 Тоомерген өзү колдо!” — деп,
“Чоң Алтай ээси”—деп,
“Алтай атам колдо!” — деп,
Мына ошондо жарыктык,
Өзүң көргөн Карагыз,
1070 Ата-баба арбагың,
Атын айтып чакырып,
Баарын бирден атады.
Айланайын кудурет,
Арбагында колдо,— деп,
1075 Энекем аман калса,— деп,
Мына ошентип суранды,
Доолбасын ургулап,
Өөдө-төмөн жүгүрүп,
Мына ошондо Каракыз,
1080 Бүбүлүгүң ушундай,
Мына ошентип турганда,
Ал аңгыча болгон жок,
Ошо кезде энекең,
Жумган көзү ачылып,
1085 Сунган буту тартылып,
Айланайын кудурет,
Эки жагын караса,
Ыңалаган баланын,
Үнү угулат кулакка.
1090 Кайда кетти балам,— деп,
Алып келгин өзүмө,
Көрсөткүн кара көзүмө,
Кара көзүм кашайды,
Айланайын кызым,— деп,
1095 Кана балам, балам,— деп,
Мына ошентип турганда,
Ошо кезде Каракыз,
Жерде жаткан баланы,
Ала калып колуна,
1100 Тогуз кездей оромол,
Оромолго бек ороп,
Алып келди эненин,
Дал колуна тапшырып,
Ай энекең, энеке,
1105 Мынакей тапкан балаң,— деп,
Менден кийин иним,— деп,
Мына ошондо жарыктык,
Өзүң көргөн Каракыз,
Энесине тапшырса,
1110 Ошо кезде жарыктык,
Эркек бекен кыз бекен,
Айтып берчи өзүмө.
Кээдең эске келалса,
Кээдең эске келалбай,
1115 Өзүң көргөн энекең,
Кээде тилге келалса ,
Кээде тилге келалбай,
Каракызга соболду,
Салган экен ушундай.
1120 Кыз бекен, эр бекен?
Айтып берчиң өзүмө»,
Деп,— ошентип турганда,
Ошо кезде Каракыз,
Айтып турат энеңе,
1125 Айланайын энеке,
Тапканың эркек болду,— деп,
Айланайын энеке,
Ой энекең, энеке,
Жаның аман калсын,— деп,
1130 Балаң менен куруп кал,
Койчуң энең, койчу,— деп,
Энем аман болсо,— деп,
Сураганың ушундай,
Бир кудайга кайрылып,
1135 Айланайын кудурет,
Мына ошентип турганда,
Өзүң көргөн энекең,
Бек сүйүнүп алган дейт,
Күлүмсүрөп кайран жан,
1140 Алды баланы колуна,
Оң эмчегин салды дейт,
Оң эмчегин салганда,
Оболкусу сүт чыгып,
Экинчисин соргондо,
1145 Бул энеңдин төшүнөн,
Ошондо суу чыгып.
Үчүнчүсүн салганда,
Кудай бетин салбай кал,
Бала сооруп алганда,
1150 Үчүнчү сапар тартканда,
Ошо кезде сураба,
Ошо кезде сурасаң,
Эмчегинен кан чыгып.
Энекеңден жан чыгып,
1155 Кокуй, кокуй кантет,— деп,
Минте берсе болбойт,— деп,
Түбүмө кокуй жетет,— деп,
Мына ошентип турганда,
Ал аңгыча болгон жок,
1160 Өзүң көргөн энекең,
Айтып берген баягы,
Ай кайненеси гана ууу Актинте,
Өзүң көргөн Акбийке,
Ошондо кайненеси гана айткан кеп элең,
1165 Айланайын гана балам,— деп,
Аман-эсен көз жарсаң,
Бул атадан калган гана белги,— деп,
Күмүштөн куйган гана ок эле,
Кезегинде бул күмүш ок,
1170 Карагандын гана мойнунда,
Тумар болуп гана турчу элең,
Ааа Балта атаң Арыстан,
Ошо Арыстандан гана калган ок эле,
Оозантмакка баланы,
1175 Оозуна гана окту салгын дейт,
Мына ошондо энекең,
Эсине келип кайран жан,
Кайненеси Акбийке,
Айтканын эстеп курган жан,
1180 Күмүш окту алган дейт,
Айланайын кудурет,
Оозантмакка баланы,
Оозуна окту салганы,
Ошо кезде сурасаң,
1185 Кудай бетин салбай кал,
Тиштегениң ок болсун,
Тиктегени жок болсун,
Кармаганың ок болсун,
Катылганы жок болсун,
1190 Деп,— ошентип энекең,
Оң колуна баланын,
Окту эми салганы,
Жандаганың жок болсун,
Жалаганың ок болсун,
1195 Деп,— ошондо энекең,
Окту колго алганы,
Оозуна баланын,
Эми барып салганы,
Ошо кезде сурасаң,
1200 Айланайын кудурет,
Чопулдатып бу бала,
Оозуна окту салганда,
Чопулдатып соргон дейт,
Оозуна эмчек түшкөндөй,
1205 Айланайын кудурет,
Муну көргөн энекең,
Күлүмсүрөп калды дейт.
Айланайын кудурет,
Кудайдын кылган иши экен,
1210 Деп,— ошондо энекең,
Тумар кылып мойнуна,
Баланы эми салганы,
Атадан калган күмүш ок,
Айланайын кудурет,
1215 Бүгүн көргөн эртең жок,
Ушундай экен дүйнө шок,
Маңдайга жазган ушу экен,
Ошону менен энекең,
Эркек бала тууду дейт,
1220 Көрүнгөнгө көргөзбөй ,
Айланайын кудурет,
Деп,— ошондо Чыйырды,
Каракызды чакырып,
Кайрылып айтты мындай кеп:
1225 «Калаага катын койбо,— деп,
Калаадан эми чыгаргын,
Токойду көздөй айдагын,
Айылга аял койбостон,
Ормонду көздөй айдагын,
1230 Айылга адам турбасын,
Көралбаган көз жаман,
Сүйлөп койсо сөз жаман,
Көзү тийсе балама,
Оңбой калат балам,— деп,
1235 Сөзү тийсе балама,
Оңбой калат балам»,— деп,
Мына ошондо энекең,
Каракызга муну айтса,
Ошо кезде Каракыз,
1240 Айылдагы аялды,
Баарын айылга койбостон,
Токойду көздөй айдады,
Атаганат дүнүйө,
Байбиченин буйругун,
1245 Эки кылаар ал барбы?
Деп,— ошентип айтканда,
Буйрук эки кылбастан,
Макул, макул, макул,— деп,
Айылдагы аялдар,
1250 Токойду көздөй кетти дейт,
Мына ошондо Каракыз,
Кайра кайтып келген дейт.
Энесине кайрылып,
Айтканыңдай кылдым,— деп,
1255 Айланайын энеке,
Энеке биздин береке,
Деп,— ошентип тургуча,
Ошо кезде Чыйырды,
Чымындай жаны чыркырап,
1260 Айтып турду бу кызга,
Айланайын Каракыз,
Кагылайын Каракыз,
Укчуң айткан сөзүмдү,
Ушу турган Акбалта,
1265 Акбалтанын зайыбы,
Акчайымга айткың дейт,
Сүйүнчүлөп кабарды,
Катын байбичең эркек тууду,— деп,
Мына ошентип айткын дейт,
1270 Макул, макул энеке,
Айтканыңдай кылам,— деп,
Мына ошондо жарыктык,
Ошо кезде Каракыз,
Согончогу так этип,
1275 Май куйрукка шак этип,
Жерге тийип так этип,
Мына ошондо жарыктык,
Өзүң көргөн Каракыз,
Он экиде жан эле,
1280 Мына ошондо жарыктык,
Үйдөн чыга калган дейт,
Акчайымга барган дейт,
Айланайын жеңеке,
Ой жеңеке, жеңеке,
1285 Энекем эркек тууду дейт.
Айланайын кудурет,
Акбалта авама айткың дейт,
Акбалта абам Жакыпка,
Атакеме айтсын дейт,
1290 Сүйүнчүлөп барсын дейт,
Энекемдин айтканын,
Эки кылбай айттым,— деп,
Мына ошондо жарыктык,
Каракыз муну айтканда,
1295 Ошо кезде Акчайым,
Аттап-буттап үйүнө,
Кирип барды төрүнө,
Төрдө жаткан баягы,
Акбалтаны ойготуп,
1300 Коңурукту кош тартып,
Катуу уйкуну салган дейт.
Эчтеме менен иши жок,
Төрдө жаткан Акбалта,
Айланайын кудурет,
1305 Илбирс ичик жамынып,
Мына ошентип турганда,
Айланайын, Акчайым,
Айтып турду Балтага:
«Ой Акбалта козголчу,
1310 Ммм, атаганат дүнүйө,
Ийинде жаткан аюудай,
Уктай бербей ойгончу,
Койгун Балта козголчу,
Айта турган кеп ушул,
1315 Ой сүйүнчү, сүйүнчү!
Байбичең эркек тууду,— деп,
Бай Жакыптын зайыбы,
Эркек бала тууду,— деп,
Сүйүнчүлөп баргын дейт,
1320 Бай Жакыптын өзүнө,
Куру келбей өзүң,— деп,
Сүйүнчүсүн алгын»,— деп.
Мына ошентип айтканда,
Ошо кезде Акбалта,
1325 Айтканыңдай кылам,— деп,
Кудай бетин гана салбай кал,
Баягы мамыда гана эми байланган,
Тору-Чаар гана, ууу, дагы жок,
Бай Жакып минип кетти эле,
1330 Көкчологумду гана минейин,
Ал да тулпардын гана бири эле,
Кечиктирбей жарыктык,
Керилбей гана тездеп барайын,
Бай Жакыпка айтайын,
1335 Деп,— ошондо гана Акбалтаң,
Акбалтаны сураба,
Акбалтаны сурасаң,
Алтымыштан өткөн дейт,
Алтымыштан өткүчө,
1340 Алты катын алган дейт,
Алты катын алса да,
Алты катын түк туубай,
Туяк көрбөй жүргөн дейт.
Анын да бар арманы,
1345 Кудайга күнүгө зар айтып,
Айланайын кудайым,
Неге мени кем кылдың?
Жоо душманды шер кылдың,
Аркамда калаар бала жок,
1350 Айланайым кудайым,
Деп,— ошондо Акбалта,
Ада кылган арманын,
Ошентсе да жарыктык,
Өз байбичеси туугандай,
1355 Бек сүйүнүп алган дейт.
Бай Жакып уулду болду,— деп,
Чыйырды эркек тууду,— деп,
Мына ошондо Акбалта,
Көкчолокту койгулап,
1360 Үзөнгүсүн теппестен,
Көкчолокко минди дейт,
Аркы-терки камчы уруп,
Оң тетири теминип,
Мына ошондо жарыктык,
1365 Карагыр көздөй жүргөн дейт.
Эми аны койуп туралы,
Үйдө калган байбиче,
Ошондон кабар алалы.
Мына ошондо Чыйырды,
1370 Чымындай жаны чыркырап,
Оң колунда бала бар,
Баласын эми кучактап,
Мээнетиңди алайын,
Өлөөрдө көргөн балам,— деп,
1375 Паана тутуп алайын,
Деп,— ошентип тургуча,
Айтып оозун жыйгыча,
Колдогону кырк тогуз,
Колдоп алды көрдүңбү?
1380 Жөөлөгөнүң кырк тогуз,
Жөөлөп алды көрдүңбү?
Өзүң көргөн баягы,
Кара чаар кабылан,
Капталында камынды,
1385 Көсө куйрук көк арстан,
Көт жагынан чамынды.
Оо жараткан кудай ай,
Муну көрбөй жүргөн Каракыз,
Аң-таң болуп турган дейт,
1390 Эки көзү төрт болуп,
Жүрөгү күйүп өрт болуп,
Көзү ачыктык жайы бар,
Баягы кабыланды көргөндө,
Кантем кокуй кантем,— деп,
1395 Кайсап ийчү жан экен,
Эми кокуй кантем,— деп,
Мына ошентип тургуча,
Айтып оозун жыйгыча,
Ал аңгыча болгон жок,
1400 Ач ажыдаар баланы,
Алты айланып алганы,
Муну көрүп Каракыз,
Бу да аң-таң болуп калганы.
Ооо жараткан кудурет,
1405 Ал аңгыча болгон жок,
Жети дөбөт, көк бөрү,
Тегеректеп курчады.
Муну көрдү Каракыз,
Төбө жагын караса,
1410 Төбөсүнөн баягы,
Куш төрөсүп буудайык,
Ошо чеңгелин сунган арбайтып,
Канатын жайган калдайтып.
Атаганат дүнүйө,
1415 Муну көрдү Каракыз,
Ооо жараткан кудурет,
Колдогону бар экен,
Бу аман-эсен чоңойсо,
Бул алтымыш миң аймакты,
1420 Апчый турган бала экен.
Алтымыш балбан бир келсе,
Чапчый турган бала экен,
Деп,— ошондо жарыктык,
Ичинен ойлоп мындай кеп,
1425 Ал аңгыча болгон жок,
Өзүң көргөн баягы,
Өзүң көргөн баланы,
Тегеректеп курчаган,
Кырк чилтен кызыр Ильяз,
1430 Муну көрдү Каракыз.
Ооо жараткан кудурет,
Колдогону кырк тогуз,
Санай тактап келгенде,
Ал санакты эске салганда,
1435 Кырк тогуз экен колдоочу,
Муну көрдү Каракыз.
Ооо жараткан кудурет,
Аман-эсен бар болсо,
Ушу турган бу бала,
1440 Жалпы кыргыз журтуна,
Каатаган болот көрдүңбү?
Деп,— ошондо жарыктык,
Үзүлгөндү уулачу,
Чачылганды жыйначу,
1445 Кыргырга кеткен кыргызды,
Кыргызга кеткен кыргызды,
Кыргыйдай эми таптайтко,
Атаганат дүнүйө,
Конот-колот кеткен кыргызды,
1450 Ошо чогултуп эми жыят го,
Атаганат дүнүйө,
Кулагы көзүн каратпай,
Куруп алат кыргызды,
Карганын көзүн каратпай,
1455 Чогултуп алат кыргызды.
Аман-эсен бар болсо,
Ушу турган бу бала,
Деп,— ошентип Каракыз,
Ичинен ойлоп тургуча,
1460 Эми аны коюп туралы,
Баягы кеткен Акбалта,
Ошондон кабар алалы.
Күнү жүрдү күйүгүп,
Түнү жүрдү түйүлүп,
1465 Мына ошондо Акбалта,
Көкчолокту койгулап,
Айланайын кудурет,
Ичинде жүрөт туйгулап,
Жаратканга жалынып,
1470 Бай Жакыпка эмне дейм?
Сүйүнчүлөп айтсам дейм,
Айланайын кудурет,
Сүйүнчүсүн эмне дейм?
Сүйүнчүгө не сурайм?
1475 Бай Жакыпка эмне дейм?
Сүйүнчүлөп айтсам дейм.
Айланайын кудурет,
Сүйүнчүсүн эмне дейм?
Сүйүнчүгө не сурайм?
1480 Айтканына макул,— деп,
Бергенине макул,— деп,
Бергенин алсам болбос,— деп,
Сураганым чоң болсо,
Деп,— ошондо Акбалта,
1485 Атаганат дүнүйө,
Аттап тоңдоп жөнөткөн,
Айтып берген Балтага,
Байбичеси Акчайым.
Сураганын алба,— деп,
1490 Калаганын алгын,— деп,
Жылгасында жылкы мол,
Ошол жылкы ичинен,
Теңин берсин өзү,— деп,
Калаганың алгын,— деп,
1495 Мына ошондо Акчайым,
Акбалтанын кулакка,
Айтып берген шыбырап,
Акыл айттым ушул кеп.
Айланайын Акбалта,
1500 Боло турган кезиң,— деп,
Ушул турган Жакыпка,
Сүйүнчүлөп айткын,— деп,
Жылкысынын теңин де,
Деп,— ошентип айтканда,
1505 Ошо кезде Акбалта,
Макул, макул зайып,— деп,
Айтканыңдай кылам,— деп,
Атаганат дүнүйө,
Кой оозуна чөп албай,
1510 Момундугу мол экен,
Ушу турган Акбалта,
Камчылап эми барганда,
Карагырдын оюнда,
Ошо кезде бай Жакып,
1515 Баягы Ыйман айткан Кула бээ,
Толгоо тартып тогуз күн,
Жети күнү чыңырып,
Ошо кезде жарыктык,
Эки күнү ыйынып,
1520 Кулун тууп коюптур.
Ошо кезде бай Жакып,
Ары-бери телчитип,
Ал кулунду ээрчитип,
Жүргөн кезин көрүптүр.
1525 Муну көрүп Акбалта,
Бу Кудайдын кылган иши экен,
Камбар ата дарыган,
Кайыбына кабылган,
Касиеттүү Кула бээ,
1530 Тууп койгон турбайбы.
Ушу Кула бээ тууган кулунду,
Энчилеп берсем экен,— деп,
Ыйман айтып берди эле,
Айтканындай кылалы,
1535 Деп,— ошондо жарыктык,
Өзүң көргөн Акбалта,
Бай Жакыпты көргөндө,
Тай чабымдай жерден дейт,
Бакырыгы баш жарып,
1540 Тайманбастан курган жан.
Талпынып айтты бакырып,
«Ой сүйүнчү, сүйүнчү!
Ой бай Жакып сүйүнчү!
Жоо душманга күйүнчү,
1545 Ээриккенде байбичең,
Эрмек тапты сүйүнчү!
Карыганда байбичең,
Кабылан тапты сүйүнчү!
Жоголоордо байбичең,
1550 Жолборс тапты сүйүнчү!
Ой сүйүнчү, сүйүнчү!
Уксаң боло бай Жакып,
Деп,— ошондо Акбалта,
Жакын келип бастырып,
1555 Кайра турду кайталап,
Айтып турду Жакыпка,
Ой сүйүнчү, сүйүнчү!
Байбичең эркек тапты сүйүнчү!
Жоо душманга күйүнчү
1560 Алда бул да дүйнө ай!
Оргуштаган жалган ай,
Суураганың угулду,
Айланайын кудурет,
Заарың жетип кудайга,
1565 Арманың жетип арбакка,
Арбактан болду аян,— деп,
Кайыптан болду кабар,— деп,
Карыганда байбичең,
Каралды тапты сүйүнчү!
1570 Жоголоордо байбичең,
Жолдош тапты сүйүнчү!
Ой сүйүнчү, сүйүнчү!
Деп,— ошентип Акбалта,
Бай Жакыпка муну айтса,
1575 Ошо кезде бай Жакып,
Элүүдөн өткөн жашы бар,
Кудай бетин салбай кал,
Сакалы бурул таркан дейт,
Карыса да бай Жакып,
1580 Кайратынан кайта элек,
Атаганат дүнүйө,
Кудай бетин көргөзбө,
Кечең Алтай келгенде,
Жети жылдай болду эле,
1585 Жетпей жүргөн бай Жакып,
Жетилип калган көрдүңбү?
Качыр минген бай Жакып,
Тулпар минди көрдүңбү?
Топоз куйрук ээрчиген,
1590 Тоодой болгон бай Жакып,
Эми тообо кылды кудайга,
Ооо жараткан кудайым.
Бу кудайымдын бергени,
Жараткандын пендеси,
1595 Аман-эсен чоңойсо,
Эптеп тапкан малымдын,
Эсебин табат бул бала.
Малдын ээси болот,— деп,
Калаганың ушундай,
1600 Мына ошондо көркөмүң,
Көркөмүң көрсөң момундай,
Кудай бетин салбай кал,
Бек сүйүнүп бай Жакып,
Ашып-шашып кийинип,
1605 Мына ошондо жарыктык,
Шамдагайы билинип,
Томуктай болгон Торучаар,
Торучаарды токунуп,
Аттап-буттап минген дейт,
1610 Акбалтаны аркалап,
Эми айылды көздөй жөнөп калган дейт.
Күнү жүрдү күйүгүп,
Түнү жүрдү түйүлүп,
Күнү такыр тынбастан,
1615 Күн эки күн жол жүрүп,
Түнү такыр тынбастан,
Түн эки күн жол жүрүп,
Мына ошондо бай Жакып,
Акбалтасы артында,
1620 «Айланайын Акбалта,
Тездеп айда атыңды,
Камчылагың малыңды,
Айылга тезден жетели,
Ушу турган байбиче,
1625 Байбиченин баласы,
Эптеп тапкан паанасын,
Эми көрүп алайын.
Маңдайымда паанайым,
Көрүп койгон таалайым,
1630 Башымдагы таалайым,
Айланайын паанайым»,
Деп,— ошентип бай Жакып,
Жакын келди айылга,
Атаганат дүнүйө,
1635 Аны күтүп тургансып,
Өзүң көргөн Акчайым,
Акбалтанын зайыбы,
Тозуп чыкты алдынан,
Ой сүйүнчү байым,— деп,
1640 Ой сүйүнчү, сүйүнчү,
Ээриккенде байбичең,
Эркек тапты сүйүнчү!
Деп,— ошентип айтканда,
Айланайын Акчайым,
1645 Кагылайын байбиче,
Деп,— ошентип бай Жакып,
Атынан түшүп алган дейт,
А күмүш кашка эр токум,
Аны чечип Акчайым,
1650 Акчайымдын колуна,
Сүйүнчүңө ушул,— деп,
Аздык кылып баратса,
Жанымды кыйып алгын,— деп,
Каныңды төгүп алгын дейт,
1655 Айланайын кудурет,
Деп,— ошентип бай Жакып,
Эр токумду байбиче,
Акчайымга карматып,
Аттап-буттап үйүнө,
1660 Он эки канат өргөөгө,
Эми кирип барганда,
Ошо кезде энекең,
Ооо жараткан кудурет,
Өңүнө келип калган дейт.
1665 Эки бетин нур чалып,
Өзүң көргөн Чыйырды,
Тапкан эми паанайын,
Бек кучактап алды дейт,
Айланайын байым,— деп,
1670 Айланайын кудурет,
Бу кудайымдын бергени,
Жараткандын буйругу,
Атаганат дүнүйө,
Деп ошентип Чыйырды,
1675 Бай Жакыпка муну айтса,
Көзүм тийсе кандай,— деп,
Кокус кандай болот,— деп,
Сөзүм тийсе кандай,— деп,
Сөзүм тийсе кокус,— деп,
1680 Мына ошондо бай Жакып,
Ар качандан бир качан,
Күмүш жаак булдурсун,
Кармай жүргөн колуна,
Ошо кезде жарыктык,
1685 Кашкасын тийип башына,
Мына ошондо баланын,
Коркуратта бек жыттап,
Мына ошондо бай Жакып,
Ырым кылып ушундай,
1690 Аман-эсен болсун,— деп,
Атаганат дүнүйө,
Бу кудайдын кылган иши,— деп,
Абалкы атам Арыстан,
Түп атакем Түмөн кан,
1695 Түбүнөн кызыр дарыган.
Өлгөн сайын өөрчүгөн,
Түгөнгөн сайын түтөгөн,
Касиеттүү эл элең,
Эми атаганат дүнүйө,
1700 Кечээ Караган атам өлгөндө,
Кыямат жайды көргөндө,
Калың кыргыз журтубуз,
Туш тарапка чачылып,
Чамындыдай быркырап,
1705 А кеби кетип тереңге,
Бири кетип береңге,
Бири кетип Кангайга,
Бири кетип Алтайга,
Ооо жараткан кудай ай,
1710 Кудайдын кылган иши экен.
Ушу балам аман чоңойсо,
Калың кыргыз журтумду,
Бир этекке жыйса,— деп,
Айланайын кудурет,
1715 Деп,— ошондо бай Жакып,
Калаганың ушундай,
Тилек кылып кудайга,
Алаканын жайган дейт,
Оң алакан жайган дейт,
1720 Оң алакан караса,
Ооо жараткан кудурет,
Ошо кезде сураба,
Ошо кезде сурасаң,
Аппак сүт уюп калыптыр.
1725 Сол алакан жайган дейт,
Сол алакан жайганда,
Сол алакан караса,
Ошо кезде жарыктык,
Аппак сүт уюп калыптыр.
1730 Муну көрүп бай Жакып,
Жаратканга жалынып,
Кудайга эми ыйман келтирип,
Айланайым кудайым,
Бу кудайдын кылган иши экен,
1735 Аман-эсен чоңойсун,
Аты болсун Чоң Жинди,
Деп,— ошентип жарыктык,
Көрө албаган көз жаман,
Сүйлөп койсо сөз жаман,
1740 Аты болсун Чоң Жинди.
Жашы жетсе жетилип,
Жетиге жашы келгиче,
Аты болсун Чоң Жинди.
Андай кийин көрөөрмүн,
1745 Жараткандын буйругун,
Деп,— ошентип бай Жакып,
Атын коюп Чоң Жинди,
Атаганат дүнүйө,
Кудай бетин көргөзбө,
1750 Деп,— ошондо жарыктык,
Алтымыш балбан бир келсе,
Апчый турган эр чыксын,
Алтымыш аймак бир келсе,
Чапчый турган эр чыксын,
1755 Деп,— ошондо бай Жакып,
Жаратканга жалынып,
Тилек кылды ичинен,
Аны көргөн Акбалта,
Алаканын жайган дейт.
1760 Кыбыланы каранып,
Кудайга кылып таазим,— деп,
Мына ошондо сураба,
Мына ошондо сурасаң,
Кудайдын кылган иши экен.
1765 Өмүрүң узун болсун,— деп,
Ал узун өмүр ичинде,
Бакыт консун башыңа,
Асты так консун алдына,
Деп,— ошентип жарыктык,
1770 Кылган ишиң ак болсун,
Мине турган так болсун,
Кудайдын кылган иши экен,
Аман-эсен чоңойсун,
Деп,— ошондо жарыктык,
1775 Бай Жакып айтат мындай,— деп,
Кулалы таптап куш кылып,
Курама жыйып журт кылсын,
Кыргы эк таптап куш кылып,
Кыргызды жыйып журт кылсын,
1780 Карганынн көзүн каратпай,
Кап кайда элди таратпай,
Ооо жараткан кудурет,
Атаганат дүнүйө,
Кузгундун көзүн каратпай,
1785 Кокту колот таратпай,
Кыргызды жыйсын уулум,— деп,
Мына ошондо бай Жакып,
Жаратканга жалынып,
Бата тилеп турган дейт,
1790 «Ооомин артын берсин,— деп,
Түбүн берсин бир кудай,
Түптүү элдин бири элек,
Артын берсин бир кудай,
Артык элдин бири элек.
1795 Ооо жараткан кудай ай»,
Деп,— ошентип бай Жакып,
Бата кылды ушундай,
Аны көргөн Акбалта,
Анын аркы жагында,
1800 Байбичеси Акчайым,
А да алакан жайып алганда,
Ооо жараткан кудурет,
Ал аңгыча болгон жок,
Көрүнгөндө көрүнүп,
1805 Көрүнбөсө тим эле,
Көк түтүндөй бөлүнүп.
Кайдан келди билбеймин,
Кайыбынан кабылып,
Аксакалчан думана,
1810 Өзү кудай жолунда,
Аса таяк колунда,
Ошо кезде жарыктык,
Берчи балаң колума,
Деп,— ошондо думана,
1815 Кайыбынан кабылып,
Келди Жакып кашына,
Айланайын кудурет,
Мына ошондо байбиче,
Кайран энең Чыйырды,
1820 Койнундагы баланы,
Думананын колуна,
Кармата салды көрдүңбү?
Кудайымдын кылган иши экен.
«Оо жараткан кудурет,
1825 Кундак боосу бек болсун!
Бешик боосу бек болсун!
Өмүрү узун болсун уулуңдун»,
Деп,— ошондо думана,
Аты болсун Манас,— деп,
1830 Атаганат дүнүйө,
Жердеген жери Талас,— деп,
Мына ошентип айтканда,
Ал аңгыча болгон жок,
Айтаарым ушу момундай,
1835 «Алтымыш балбан бир келсе,
Апчый турган эр чыксын,
Алтымышы бир келсе,
Чапчый турган шер чыксын.
Аман-эсен болсун,— деп,
1840 Калың кыргыз журтуңду,
Жыя турган эр болсун,
Аю болбой алп болсун»,
Деп,— ошондо жарыктык.
Өзүң көргөн думана,
1845 Көздөн кайым болуп кайтканда,
Мына ошондо бай Жакып,
Аң-таң болуп турган дейт,
Аты болсун Манас,— деп,
Айтканын көрчү кудайым,
1850 Атаганат дүнүйө,
Бу кудайдын кылган иши,— деп,
Маңдайга жазган ушу,— деп,
Бул жараткандын иши го?
Артын берсин бир Кудай”.
1855 Артык элдин бири элек.
Ооо жараткан кудай ай»,
Деп,— ошентип бай Жакып,
Бата кылды ушундай,
Аны көргөн Акбалта,
1860 Анын аркы жагында,
Байбичеси Акчайым,
А да алакан жайып алганда,
Ооо жараткан кудурет,
Ал аңгыча болгон жок,
1865 Көрүнгөндө көрүнүп,
Көрүнбөсө тим эле,
Көк түтүндөй бөлүнүп.
Кайдан келди билбеймин,
Кайыбынан кабылып,
1870 Аксакалчан думана,
Өзү кудай жолунда,
Аса таяк колунда,
Ошо кезде жарыктык,
Берчи балаң колума,
1875 Деп,— ошондо думана,
Кайыбынан кабылып,
Келди Жакып кашына,
Айланайын кудурет,
Мына ошондо байбиче,
1880 Кайран энең Чыйырды,
Койнундагы баланы,
Думананын колуна,
Кармата салды көрдүңбү?
Кудайымдын кылган иши экен.
1885 «Ооо жараткан кудурет,
Кулдак? боосу бек болсун,
Бешик боосу бек болсун,
Өмүрү узун болсун уулуңдун»,
Деп,— ошондо думана,
1890 Аты болсун Манас,— деп,
Атаганат дүнүйө,
Жердеген жери Талас,— деп,
Мына ошентип айтканда,
Ал аңгыча болгон жок,
1895 Айтаарым ушу момундай,
«Алтымыш балбан бир келсе,
Апчый турган эр чыксын,
Алтымышы бир келсе,
Чапчый турган шер чыксын.
1900 Аман-эсен болсун,— деп,
Калың кыргыз журтуңду,
Жыя турган эр болсун,
Аю болбой алп болсун»,
Деп,— ошондо жарыктык.
1905 Өзүң көргөн думана,
Көздөн кайым болуп кайтканда,
Мына ошондо бай Жакып,
Аң-таң болуп турган дейт,
Аты болсун Манас,— деп,
1910 Айтканын көрчү кудайым,
Атаганат дүнүйө,
Бу кудайдын кылган иши,— деп,
Маңдайга жазган ушу,— деп.

American University of Central Asia
7/6 Aaly Tokombaev Street
Bishkek, Kyrgyz Republic 720060

Tel.: +996 (312) 915000 + Еxt.
Fax: +996 (312) 915 028