69ɫ

Игорь Ли: «БААУдагы студенттик жылдарымдан алган таасирлерим жылуу жана позитивдүү гана болду»

Игорь Ли: «БААУдагы студенттик жылдарымдан алган таасирлерим жылуу жана позитивдүү гана болду»

16&Բ;января&Բ;2023

#LifeAfterGraduation

Игорь Ли 2021-жылы БААУнун Экономика бөлүмүн аяктаган. Окууну бүткөндөн кийин Борбордук Европа университетине магистратурага өтүп, андан соң Citibank банкында финансылык аналитик болуп иштей баштаган. Бул маекте Игорь дүйнөдөгү алдыңкы 15 банктын биринде иштөөгө болгон жолун айтып берет.

«Университетке тапшырып жатканда, студенттик жашоом кандай болорун толук элестете алган эмесмин. Балким, аң-сезимсиз түрдө кадимки окуу режими жана кээ бир майда-чүйдө иш-чаралар деп ойлогом. Жана такыр деле социалдык иш-чараларга катышам деп ойлобоптурмун. Бирок БААУ мен үчүн башка план түзүп койгон экен. Бара-бара мен мурун ойлобогон нерселерге катышып калдым. Көптөгөн жаңы нерселерди сынап көрдүм жана сонун досторду таптым. Баарынан кызыктуусу — баары абдан жылмакай жана эмоционалдык жактан жарык өтүп, БААУдагы студенттик жылдарымдан жылуу жана позитивдүү гана таасирлерим калды.

БААУдагы студенттик жылдарымдын өзгөчөлүгү — университет берген мүмкүнчүлүктөр. Университет сизди социалдык, академиялык жана кесиптик жактан өнүктүрүүгө жардам берет. Каалаган жаңы көндүмдөрдү үйрөнүүгө ар дайым мүмкүнчүлүк бар: гуманитардык жана табигый илимдер, конок лекциялар, атайын иш-чаралар жана башкалар. Менин эң жактырганым — жаңы жерлерди изилдөө жана алмашуу студенти катары чет өлкөдө бир семестр окуу мүмкүнчүлүгү.

БААУнун аркасы менен Борбордук Европа университетине тапшырып, Финансылык менеджмент, инвестиция жана технология боюнча магистратура даражасын алдым. Окуумда академиялык кыйынчылыктарга туш болгон жокмун. Бул бир жылдык программа болсо да, курстары интенсивдүү болгон, БААУдан алган бакалаврдык билимим бул программаны ийгиликтүү бүтүрүүгө жетиштүү болду.

Азыркы учурда мен Венгриянын Будапешт шаарындагы Citibank банкында финансылык аналитик болуп иштейм. Citibank’тагы 2 жылдык жаңы бүтүрүүчүлөр үчүн программамды бүтүрүшүм керек. Андан кийин дагы бир нече өлкөлөргө барууну пландап, башка жакка көчүүнү ойлоп жатам.

БААУ студенттерине кеңешим — активдүү жана ачык болуу. Коркууга өз фантазияңызды чектөөгө жол бербеңиз. Өз чектерди кеңейтиңиз. Баарынан маанилүүсү, университеттик жашоону ырахаттанып өткөрүңүз, ошондо өмүр бою жылуу сезимдер менен эстеп, эч качан өкүнбөйсүз.»

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028