69ɫ

Бактарды отургузуу боюнча акция

Бактарды отургузуу боюнча акция

10&Բ;октября&Բ;2024

19-октябрда Кара-Жыгач токойчосунда өтчү бак отургузуу боюнча акцияга кошулуңуздар. Саамалык БААУнун Жарандык активдүүлук борбору (CCE) тарабынан Франко-Кыргыз экотуризм ассоциациясы (AFKE) менен биргеликте уюштурулууда.

Датасы: 19.10.2024

Убактысы: 9:30 – 13:00

Өтүүчү жайы: Кара-Жыгач токойчосу (дареги төмөндө)

БААУдан 19-октябрь саат 10:00дө жөнөп кетебиз. Транспорт менен камсыздайбыз.

Тажрыйба керек эмес – башкысы энтузиазм жана энергия! Сиз катышуу учурунда баарын өздөштүрүп кетесиз. Экология жана туруктуу бекем өнүгүүгө кызыккан курсташтарыңыз менен баарлашып, убакытты кызыктуу өткөрөсүз. Үй-бүлө мүчөлөрүңүздү жана досторуңузду чакырсаңыз болот.

Эмне себептен сиз бизге кошулушуңуз керек? Бактар кычкылтекти иштеп чыгарат, абаны булгануудан тазалайт, көмүртекти кармап, жапайы жаныбарлар үчүн жашоо чөйрөсүн камсыздайт. Сиз бак отургузуу менен климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүп, сууну сактоого жардам бересиз.

Мындан тышкары катышуучуларды кубаттоо үчүн жеңил тамак жана суусундуктар берилет. Өзүңүзгө ыңгайлуу кийимчен жана жабык байпакчан бут кийим кийип келиңиз. Өзүңүз менен кошо бөтөлкөдө суу алып алыңыз.

Акцияга катышуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз. Каттоо үчүн шилтемеге кирип орун брондоп коюңуз жана иш-чара тууралуу кошумча маалымат алыңыз: .

Жайгашкан жер:

Эгер сизде кандайдыр-бир суроо жаралса, анда кенен маалымат алуу үчүн өтүнүч төмөнкү байланыштарга кайрылыңыз: iusupova_ali@auca.kg (0559 214 194).

Кара-Жыгач токойчосу жөнүндө төмөнкү 2 тасма баяндап берет:

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028