69ɫ

Springer Nature Кыргызстанда

Springer Nature Кыргызстанда

24&Բ;января&Բ;2025

БААУнун китепканасы маалымдайт: 2025-жылдын 10-февралынан 9-мартына чейин Кыргызстандын ЖОЖдору үчүн Springer Nature басылмасы өз басылмалары жана макалаларынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берет. Бул убактылуу сынап көрүү мүнөзүндө болмокчу.

Аталган мезгилде изилдөөчүлөр университеттин компьютерлеринен же аралыктан туруп (каттоодон өткөндөн кийин) макалалар жана басылмалар топтомун табуу, көчүрүү, иликтөө, иргеп алуу укугуна ээ болушат.

- басылма жана макалалар сайтында. 1997-2025-жылдар аралыгындагы макалалар жеткиликтүү болот. Алардын арасында бардык илимий багыттар боюнча 2000 рейтингдик илимий басылмалар жана 6 миллиондон ашуун макалалар бар.

- басылма жана макалалар сайтында. 2022-2025-жылдар аралыгындагы макалалар жеткиликтүү болот. Табигый илимдер тармагындагы дүйнөнүн 100дөн ашуун таасирдүү басылмалары, алардын ичинде Nature, Nature Biomedical Engineering, Nature Catalysis, Nature Chemistry жана башкалар.

2025-жылдын 13-февралынан 20-февралына чейинки сынап көрүү мүмкүндүк берүүсүндө саат 15:00дө “Адабияттарды тандоо: диссертация, макала же илимий долбоордун үстүндө эффективдүү иштөө үчүн Springer Nature басылмаларын жана макалаларын” үйрөтүү вебинары өткөрүлөт.

Вебинарларга шилтемелер сынап көрүү мүмкүнчүлүгү берилген уюмдарга кошумча жөнөтүлөт.

Акысыз сынап көрүү мүмкүнчүлүгүн ачуу үчүн 2025-жылдын 3-февралына чейин төмөнкү электрондук даректер аркылуу кайрылуу зарыл: irina.alexandrova@springernature.com же library@auca.kg.

Байланыш үчүн:

Ирина Алексеевна Александрова – Springer Nature өкүлү, email: irina.alexandrova@springernature.com

Толгонай Кожоканова - БААУнун китепканасы, email: library@auca.kg, тел (0312) 915 000 кошумча номер 303

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028