69ɫ

Математика боюнча Олимпиадага каттоо аякталып жатат!

Математика боюнча Олимпиадага каттоо аякталып жатат!

27&Բ;февраля&Բ;2025

Ушул жекшемби, 2-мартта БААУда салтка айланган 9-10-11-класстардын окуучулары үчүн математика боюнча жазгы Олимпиада өткөрүлөт. Ага катышуу үчүн каттоодон өтүү зарыл.

ОЛИМПИАДАГА КАТТОО 27-февраль саат 23:59га чейин уланат.

Каттоодон өтүү үчүн шилтеме:

Иш-чаранын уюштуруучулары: БААУнун “Колдонмо математика жана информатика” факультети жана БААУнун Инновациялык колледжи.

Олимпиада 2025-жылдын 2-мартында БААУнун имаратында өтөт.

Олимпиаданын байге ээлерине жана финалына чыккан катышуучуларга сыйлыктар жана баалуу белектер тапшырылат.

11-класстардын арасында жеңүүчү аталган, экинчи орунду камсыздаган жана үчүнчү байгелүү орунду ээлеген окуучулар БААУга “Колдонмо математика жана информатика” адистиги боюнча окууга тапшырышса, анда аларга тиешелүү түрдө 100%, 90% жана 80% арзандатуулар берилет.

Ушул сыяктуу эле Инновациялык колледж да 9-класстардын арасында алгачкы үч орунду камсыздаган окуучуларга тиешелүү түрдө 70%, 60% жана 50% арзандатуу жасап бермекчи.

Маселелердин мисалдары:

1-турдун маселелери жооптору менен:

9-класстар үчүн 2-турдун маселелери жооптору менен:

10-11-класстар үчүн 2-турдун маселелери жооптору менен:

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028