69ɫ

Нарын жана Каракол шаарларында көчмө кабыл алуу сынактары

Нарын жана Каракол шаарларында көчмө кабыл алуу сынактары

27&Բ;февраля&Բ;2025

Борбордук Азиядагы Америка университети бакалавр программасына Нарын жана Каракол шаарларында көчмө кабыл алуу сынактарын өткөрүү тууралуу кабарлайт.

Ага лицейлердин, колледждердин жана университеттердин, ошондой эле 11 жылдык мектептердин англис тилин жакшы билген бүтүрүүчүлөрү чакырылат.

Сынак акысыз бекер өткөрүлөт!

БААУга окууга тапшыруу үчүн 3 бөлүктөн турган 69ɫ Admission Exam кабыл алуу сынактары тапшырылат:

  • Англис тилинен тест – English Language Proficiency Test (ELPT) – 80 мүнөт
  • Мектеп программасы боюнча математикадан тест – 60 мүнөт
  • Англис тилинде дилбаян - 60 мүнөт

Кабыл алуу сынактарынын жүгүртмөсү:

Ишемби, 8-март 2025-жыл Нарын шаары

9:00 – БААУун кабыл алуу сынактары

Сынак өтүүчү жай: “Хан-Тенгри” мейманканасы конференц-зал «Асман», Асан Жусупов көчөсү 2.

Жекшемби, 9-март 2025-жыл, Каракол шаары

9:00 - БААУнун кабыл алуу сынактары

Сынак өтүүчү жай: Конференц-зал, “MADANUR” мейманканасы, Токтогул көчөсү 201.

Белгилей кетчү нерсе, Сиз БААУнун кабыл алуу сынактарын бир гана жолу жана бир гана шаардан тапшыра аласыз. Экинчи жолу БААУга келгенден кийин тапшырсаңыз болот.

Сынактарга биздин веб-сайттан даярданууга мүмкүн: .

Англис тили, математика жана дилбаян боюнча сынактардын минималдык өтмө упайларын сайттан көрүп алсаңыз болот: .

БААУнун кабыл алуу сынактарын тапшыруу үчүн эмнелер керектелет?

  • Паспорттун түп нускасы жана көчүрмөсү
  • Аттестаттын/дипломдун көчүрмөсү же Сиздин бүтүрүүчү класста билим алып жаткандыгыңызды тастыктаган мектептен (колледжден, лицейден) сүрөтү чапталган жана мөөр басылган билдирме
  • Ак фондо 3х4 өлчөмүндө 1 түстүү сүрөт
  • Ручка, карандаш, өчүргүч

*Өзүңүз менен кошо суусундук жана жеңил тамак алып келүү сунушталат – дилбаяндан кийин чакан тыныгуу каралган.

Кошумча маалымат алуу үчүн Борбордук Азиядагы Америка университетине кайрылыңыз:

Студенттерди кабыл алуу кеңсеси, Аалы Токомбаев көчөсү 7/6, кабинет G20

Бишкек, Кыргыз Республикасы

E-mail: admissions@auca.kg

Сурап-билүү телефону: +996 312 915 000 (407, 409)

Website: /kg/admissions/

Whatsapp: +996770004113

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028