Даярдоо программалары
Эл. почта: [javascript protected email address]
Телефон: +996 (312) 915000 доб. 486
Кабинет: 415
Касымова Жаркын Алмасбековна Борбордук Азиядагы Америка университетинин Жаңы муун академиясынын ага окутуучусу. Ал Кыргыз мамлекеттик университетинин (мурдагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун) “Орус тили жана адабияты” адистиги боюнча жогорку билимге ээ (1984, Кыргызстан).
Жаркын Алмасбековна квалификацияны жогорулатуу боюнча ар кандай семинарларга катышкан, анын ичинде Кыргыз билим берүү академиясында «Англис тили башталгыч мектепте» программасы (2004), Кыргыз билим берүү институтундагы (2001) курстарга жана БААУдагы (2000) «Окуу жана жазуу аркылуу критикалык ой жүгүртүү» кесиптик өнүгүү программасына катышкан. Ошондой эле Кыргыз билим берүү институтунда директордун орун басарлары үчүн квалификацияны жогорулатуу курстарынын катышуучусу (1999).
Жаркын Алмасбековна БААУдагы эмгек жолун 1999-жылы даярдоо курсунун Орус тили курстарынын окутуучусу болуп баштаган. Ал буга чейин №12-гимназияда директордун орун басары, Каракол, Нарын жана Бишкек шаарларындагы №2, №7, №12-мектептерде кыргыз тили мугалими болуп иштеген.